Шулосбург- тарыхый энчиси менен таанымал
Германиянын Нордхаймвестальд жери атактуу Рейн дарыясынын Түндүк тарабында. Анын борбору Дюссельдорф шаары. Биздеги райондук акимчилик дегендей, аларда обер- бургомистер башкарат. Түндүк Рейн Весталиянын жээгинде байыркы шаарлардын бири Вупертал, Кельн, Солинген жана Дюссельдорф жана бир нече шаарлар орун алган. Түндүк тарабы Түштүгүнө караганда климаты салкын, жайдын эң узак күндөрү июнь-июль айларында деле +12, +13 градуска түшүп, жамгыр тынбай жаап турат. Абасы нымдуу болгондуктанбы, айлана- теребел жапжашыл, тээ кыш босогого кирип келсе да, көкмөк, жапжашыл түсүнөн ажырабай албайт табият. Тез-тез жаагын жамгырданбы жеринин табияты өтө кооз, дабан-дабан ашырган дөбө-дөңсөлүү, кокту-колоттуу, жылга –жыбыттуу, чар тараптагы жапжашыл адырлар, көкмөк арчалар, балык көлмөлөр, шыбырашкандай кокту- колотторду аралап аккан суулары, жалбырагынын ушунчалык калыңдыгынан тамчы өтпөгөн токойлор бар. Немецтер күн чыкса кадимкидей кубанып, бир күн болсо да күнгө кактанып, эс алганды жактырышат. Аларда кайда барбаңыз, унаа жүрө турган, жүрбөгөн жолдор боюнча үч кандай көйгөй болбойт. Сыдыргыга салгандай тегиз, тоо-таштын арасындагысы, жалгыз таман жолу деле асфальтталган, ага таандык бүт белгилер коюлган. Немецтер табиятка өтө жакын, эртең менен машыгып чуркап, ар кандай көнүгүүлөрдү жасап, сейилдеп жөө баскандарды жолуктурасыз. Тааныса-тааныбаса да сөзсүз салам айтып, учурашат. Жылмайып, сылык жооп берүүгө көнгөн. Андыктанбы, тоо тараптагы жолдордун мерчемдүү жерлерине дем ала турган отургучтарды коюп коюшкан. Токойдун бир бутагын сындырып же кескенге эч кимге жол беришпейт. Куураган бутагын кескенде, селден же шамалдан кулап түшсө да, аны бир жерге иреттеп тизип, шактарын өзүнчө , майда бутак –жалбырагын өзүнчө тизет. Чытырман токойго бай экенине карабай, бүлүндүрүү же тебелеп, өрт коюу, отунга кесип алуу деген дээрлик жок. Токойду алар материалдык байлык эмес, жаратылыштын белеги деп кадыралашат, жан-дүйнөнүн сырдашы деп билишет. Таптакыр адамдын буту тийбеген , жака –бели бүтүндөй бийик-бийик, типтик кырларга курчанып, эңкейсе ылдый тарабы көрүнбөгөн айбаттуу, сүрдүү ары коркунучтуу, өзүнүн мыйзамы менен жашаган түнт токойлору да бар.
Бир жерден экинчи жерге автобус же поездге түшүп барсаңыз болот. Ар бир аялдамада алардын иштөө тартиби таблодон көрүнүп турат. Бир мүнөт эрте же бир мүнөт кечигүү деген болбойт. Ар бир аялдамада келген дарегиңизди бажырайта жазып же айтып турат. Бизге окшоп улууларга орун берүү жок, дегеле мен түртүшүп, тыгылышкан же жык-жыйма жүргүнчүсү барын көрбөдүм. Эгер улгайган бирөөгө орун бошотсоңуз, мени карыган деп аяп жатат деген таризде жактырбайт. Немецтин аял-эркеги улгайса да, жүрөгү жаш кенин сездиргенге маш. Бир жерден( земля дешет) экинчи жерге бараткан поезддердин ички тазалыгын, отургучунун аппак жабуусун ичиндеги санитардык абалын жана башка шарттарын сурабаныз. Бир да жол акысына билет албаган немецти таппайсың, албагандар эки жактан келгендер, гастрабайтерлер, чет өлкөлүктөр экен. Таң калтырганы Солингенден жылкы баккан фирманы турмушун көрүп, көп нерсени баамдадым. Жылкыга адамдай эле мамиле жасашат. Жууп-тараганда, жем бергенди мындай кой, күлүк аттарды айлампаны айландырып бастырып же чуркатып, саат сайын көзүн карашат. Чөп өскөн талааны бир жылкы баткыдай жип тартып, бөлүп коет, ар бирин катары менен оттотуп, чөбү түгөнгөндө ирети менен башка жөөккө жылдырат. Биздегидей ойкелди откозуш жок. Жылкынын жалын тараганда, мүчөсүн жууп-тазалаганда баладай эркелетип, атынан чакырса, мээримдүү кишенейт. Биздеги сейрек жылкынын пародасы менен спорттук мелдештерге катышат. Күлүктөрдүн күлүгүн баккан-таптаган фермер экен, алардын баа-наркына өзүлөрү баш чайкашат. Немецтердин дээрлик баарында менчик автосу бар. Үй-бүлө мүчөсүнүн ар биринде барлары да кездешет. Эгер автоунаасы болбосо, жумушка да албайт. Биздегидей “Джип”, “Лексус”, “Хондодой” габариттүү эмес, бензинди аз сарптаган, чакан, дизайны кооз, ал гана эмес бир кишилик же маркасы сейрек, абдан кымбаттарын көрдүм. Алар автоунаасыз турмушун элестете албайт.
Ошол аймактын абдан барктуу, келип-кеткендерге көрсөткөнгө ашыктырган тарыхый жери Шулосбургдагы чылгый таштан курулган таберик чеп. Мындайча айтканда, немецтердин жерин баскынчылардан коргогон элдик баатырдын, өз мезгилинин эр жүрөк да ,заалим да, тарыхый инсандын чеби бар. Граф Енгельберт 11 Вергинскийдин крепосту, мындан У1Х-Х кылым мурдагы доорлордон кабар берет. Чепти курганда таштын ар бир түрүн, көлөмүн өтө кылдат иштетип, өлбөс-өчпөс, урабас-кулабас кылып тургузушкан. Өзү да бийик жерге жайгашкан, графтын ошол доордогу бийлигин, элди кантип башкарып, тышкы душмандарга согушун, жеңишин, коргоонууга ылайыкташтырылган кароолкана, күзөт мунарасы, аскерлери турган гарнизону өзүнчө эле бир мамлекетти байкайсың. Укмуштуудай архитектурасы, тээ кылым түпкүрүндөгү турмуш образынын көрүнүштөрү, католик дининин күч алып турган, элди диндин сеси менен башкарган мезгилди көрөсүз. Динге баш ийбегендерди колу-бутун чынжырга байлап, темир торго камап, эл алдына алып чыгып башын кескен жайлар сакталуу. Ал эми граф Вергинский жашаган үй 1218-жылы курулган. Төрт арабы таш дубалдар менен курчалган чептин ичинде ошол мезгилде колдонгон буюм-тайымдар, аскерлердин кийимдери темир зоот, чопкут, бет кап, кол кап, найза, кылыч(дээрлик бардыгы темирден иштетилген), аскер чиндери, согуштагы эпизоддор, графтын династиясынын мууну, ошол кездеги көрүнүктүү адамдары, чиркөөсү-ибадатканасы анда жасалган ырым-жырым, жөрөлгөлөрдүн баары чагылдырылган. Экинчи дүйнөлүк согушта бул чеп аябай талкаланган, көп бөлүгү урап, уурдалган, экпонаттарынын көпчүлүгү жоголгон. Тарых түпкүрүндөгү доордун элесин сактап турган чептин кире беришинде граф Вергинскийдин атка минип турган айкели орнотулган .Анда мындай деген жазуу; ”Большой сын Вергинский земли” немецтерди сыймыкка бөлөгөнүн жашырышпайт.
Ризван Исмаилова, Бишкек-Москва-Дюссельдорф
Комментарий кошуу