60 жылдан бери жуунбаган киши
Бул 80 жаштагы жарандын аты Аму Хаджи. Бул жаран Иран мамлекетинин Фарс деп аталган айылында жашайт. Ал эс тарта баштагандан тартып эле өзүнө-өзү жуунбаганга сөз берген. Өмүрүнүн 60 жылынын баардыгын жуунбай өткөрүп келет. Бул адамдын…
Саманчынын жолунда сегиз жаңы планета табылды
Саркындыны таза сууга айландырган аппарат чыкты, Саманчынын жолунда дагы сегиз планета табылды. Алаканга баткыдай адамдын органдары жасала баштады. Cаманчынын жолу Жыл башында технология жаатында миллиардер Билл Гейтс түптөгөн “Билл жана Мелинде Гейтс” фондунун жаңы долбоору…
Жол кырсыгынан үч адамдын өмүрү кыйылды
Жол кайгуул кызматынын басма сөз өкүлүнүн маалыматына караганда, 18-январда, кечки тогуздар чамасында Каракол - Бишкек жолунда бараткан "Фольсваген-Пассат" машинеси жол четиндеги темир-бетон тосмону сүзүп алган. Натыйжада жаракат алган унаанын айдоочусу төрт жүргүнчүсү менен кошо Балыкчы…
Ибрагимдин зордукталганы аныкталды
Туугандары тарабынан сабалып, Бишкектеги 3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 2 жаштагы Ибрагимдин зордукталганын экспертиза аныктады. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз кызматкери Нургүл Нусупова билдирди. Мындан тышкары наристе ур-соккуга алынганы да аныкталган. Ибрагимди уруп-сабап, зордуктоого шектелген атасынын…
Темирдин жетишсиздигин жоюу максатындагы “Нан унун байытуу жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөр 3-окууда каралды
“Нан унун байытуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 19-январда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында 3-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңешинин депутаттары Дамира Ниязалиева,…
Депутат Өмүрбек Текебаев: «Мыйзамсыз үй салынган жер участкаларына мунапыс жарыялап, аларды легалдаштырып коюуга эмне үчүн болбосун»
Өмүрбек Текебаев баштаган «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Асия Сасыкбаева, Гүласал Садырбаева, Туратбек Мадылбеков, Уланбек Нуркулов бүгүн, 19-январда Кыргызстан үй куруучулар партиясынын демилгеси менен Бишкек шаарындагы Тарых музейинде өткөн Үй куруучулар коомдук бирикмесинин кезексиз курултайына катышты.…
Парламент комитети Лейлектеги окуяны жабык талкуулайт
Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук комитети Лейлектин “Айкөл” чек ара тозотунда адам өмүрүн алган ок атууну жабык талкуулайт. Бул тууралуу бүгүн парламенттин аталган комитетинин жыйынында белгилүү болду. Жыйынга келген аскер прокурору Марат Эшперов окуя боюнча…
Вице-премьер-министр Д.Ниязалиева: Химиялык бычып салуу маселесин кайрадан кароо керек
Бүгүн, 19-январда Бишкектеги маалымат жыйында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева сабалып комада жаткан 2 жаштагы баланын окуясына комментарий берип жатып, химиялык бычып салуу маселесин кайрадан кароо керектигин айтты. «Эгер өлүм жазасы менен химиялык бычып салуунун бирөөсүн тандаш…
Президент А.Атамбаев жана БУУнун өкүлү А.Аванесов уюм менен кызматташтык маселелерин талкуулашты
Бүгүн, 19-январда президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Туруктуу координатору, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын КРдагы Туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы. Жолугушуунун жүрүшүндө КР менен ООН системасынын ортосундагы кызматташтык маселелери, ошондой эле…
Кызылча оорусуна кабылгандардын саны 300гө чукулдады
Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, кызылча илдетин жуктуруп кайрылгандардын саны 267ге жетти. “Бул баш калаадагы эле сандар”, - дейт Аалиев. Аталган ооруканада кошумча бөлмөлөр ачылып, 18-январь күнү кайрылган 66 бейтаптын…
Чек арага чекит коюлаар эмес…
Бүгүн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айылындагы чек ара тозотунда ок атышуу болгонун чек ара кызматы билдирди. Маалыматка караганда, кыргызстандык чек арачылар Ажек деген жерде чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, аңчылык кылып жүргөн өзбекстандык…
Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында айыл өкмөт башчысынын демилгеси менен муз аянтчасы ачылды (фото)
Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Нурбек Соодонбеков жеке демилгеси менен муз аянтчасын ачты. Бул туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди. Айылдагы жаштардын кышкы эс алуусуна шарт түзүү жана кышкы спорттук оюндарды өткөрүп…
