123

Өмүрбек Текебаев баштаган «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Асия Сасыкбаева, Гүласал Садырбаева, Туратбек Мадылбеков, Уланбек Нуркулов бүгүн, 19-январда Кыргызстан үй куруучулар партиясынын демилгеси менен Бишкек шаарындагы Тарых музейинде өткөн Үй куруучулар коомдук бирикмесинин кезексиз курултайына катышты. Жыйын жүрүшүндө чейрек кылым аралыгында ордо калаанын чет-жакасында жарым миллионго жакын адам жашаган 47 жаӊы конуш салынганы, ар кандай себептерден улам 6 миӊден ашуун турак жай ушу кезге чейин документтештириле электиги белгилүү болду. Алдын ала болжолдонгондой, жаӊы конуштарда 60 мектеп курула турган болсо, азыр 20 мектеп, 7 бала бакча салынган. Андан сырткары, ички жолдорду куруу, жол каттамын жакшыртуу, электр чубалгыларын тартуу, газ өткөрүү, таза суу менен камсыз кылуу сыяктуу бир катар социалдык көйгөйлөр чечилбей турат. Депутат Өмүрбек Текебаев ушу тапта «Ата Мекен» фракциясынын депутаттар тобу тарабынан «2012-жылдын 3-августуна чейин өзүм билемдик менен курулган жеке турак жайлар курулган жер участкаларын легалдаштыруу жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлганын билдирди. «Тилекке каршы, ал мыйзам долбоорунун концепциясына каршы чыгып жаткандар да жок эмес. Мисалы, эркинен ажыратылган кылмышкерлерге карата маал-маалы менен мунапыс жарыялап келебиз. Мыйзамсыз үй салынган жер участкаларына деле жок дегенде бир жолу мунапыс жарыялап, аларды легалдаштырып коюуга эмне үчүн болбосун», – дейт ал. Депутат Ата Мекен өз үйүнөн башталарын эске салуу менен, «Ашар» коомунан башталган жаӊы конуштардын тургундары чейрек кылымдан бери өз Ата Мекенин куруп келатканын баса белгиледи. «Жалпы Кыргызстан боюнча 52 миӊден ашуун мыйзамсыз салынды деген турак жай болсо, Бишкек шаарынын айланасында 6 миӊден ашык документсиз үй бар. Ал эми документи жок жарандар балдарын же мектепте окута албайт, же бала бакчага бере албайт. Алар социалдык жеӊилдиктерден куру калган. Мунун баары бирдиктүү саясаттын жоктугунан улам болууда. Бул көйгөйдү мыйзам жолунда чечип, биротоло чекит койбосок болбойт», – деп кошумчалады Ө.Текебаев.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА