2015-01-13_12-42-37_777908

Туугандары тарабынан сабалып, Бишкектеги 3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 2 жаштагы Ибрагимдин зордукталганын экспертиза аныктады. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз кызматкери Нургүл Нусупова билдирди.

Мындан тышкары наристе ур-соккуга алынганы да аныкталган. Ибрагимди уруп-сабап, зордуктоого шектелген атасынын агасы жана анын аялы кармалып, эки айга камакка алынган. Тергөөдө Ибрагимдин атасы дааватка кетип баратканына байланыштуу наристени агасыныкына убактылуу калтырганы, ал эми аялы менен ажырашып кеткени маалым болгон.

Ибрагим эки күндөн бери өз алдынча дем ала баштады. Бирок дале өзүнө келе элек. Аны 11-январда эс-учун жоготкон абалында Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасына таштап кетишкен. Учурда бул окуя коомчулукта, социалдык тармактарда катуу талкууга алынып, зордуктоо кылмышын кылгандарга жазаны катаалдантуу сунушталууда.

Мээрим  БАКТЫБЕКОВА