чек ара1
Бүгүн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айылындагы чек ара тозотунда ок атышуу болгонун чек ара кызматы билдирди. Маалыматка караганда, кыргызстандык чек арачылар Ажек деген жерде чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, аңчылык кылып жүргөн өзбекстандык үч жаран менен атыша кеткен. Алар кыргызстандык чек арачылардын куралдарын таштоо буйругуна баш ийбей, тескерисинче ок чыгарганы айтылууда. Атышуудан өзбекстандык аңчылардын бири жаракат алган, экөө качууга аракет кылып, бирок, аларды Өзбекстандын чек арачылары өздөрү кармашкан.
Жаракат алган өзбек жаранына медициналык жардам көрсөтүлүп, келишимдер боюнча өзбек тарапка өткөрүлүп берилген. Бул окуя боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматтары жолугушуп, өз алдынча иликтөө тууралуу макулдашышты.
Динар ТУРДУГУЛОВА