дамира

Бүгүн, 19-январда Бишкектеги маалымат жыйында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева сабалып комада жаткан 2 жаштагы баланын окуясына комментарий берип жатып, химиялык бычып салуу маселесин кайрадан кароо керектигин айтты. «Эгер өлүм жазасы менен химиялык бычып салуунун бирөөсүн тандаш керек болсо, эгер биз мүмкүнчүлүк тапсак мен педофилдерди химиялык бычып салууну колдойм», – деди Ниязалиева. Бирок ал, бул маселе мурда көтөрүлгөн кезде, көп чыгымдуу болгондуктан Саламаттыкты сактоо министрлиги химиялык бычып салууга каршы чыккандыгын белгиледи. Вице-премьер-министр «аталган маселени бардык жагынан талкуулап жана эсептеп чыгыш керектигин» кошумчалады. Эскерте кетсек, Кыргызстандын активисттери педофилдерди химиялык бычып салуу үчүн кол топтой башташты. Кээ бир жарандар өлүм жазасын киргизүүнү сунушташууда.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА