2014-жылдын 26-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын вице-премьер-министри Нуман Куртулмушту кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө бүгүн Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын VIII жыйынынын жыйынтыктары талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Түркиянын вице-премьер-министри Нуман Куртулмуш эки мамлекеттин Башчыларынын ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруу үчүн дагы бир аянтча болуп калган Өкмөттөр аралык комиссиясынын кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүүдөгү жана тереңдетүүдөгү маанилүү ролун баса белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-түрк мамилелеринин динамикалык өнүгүүсүн канааттануу менен белгиледи.