лавина

2014-жылдын 26-декабрынан 29-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Казарман-Акталчат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы зарыл.