жол123“Кан жолду тоскон салтта жок” деп айтылат калкыбызда. Бирок, соңку жылдары ата-бабаларыбыздын бул акыл-насааты унут калган сыяктанып, республикабыздын ар тарабында ар кандай максатта жол тосуулар улантылып келди.

Бийликке ультиматум, шарт коюунун куралына айланган мындай жаман жорук-жосун же адатты кандайча токтотуу керек? Мындай суроолор да, сунуштар да көп болгону анык. Албетте, эң эле ылайыктуусу мыйзам жолу.

Жарандарыбыздын ары-бери орун которуу боюнча конституциялык эркиндигин, ошондой эле жарандардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Алардын арасында административдик жоопкерчилик жөнүндө, кылмыш кодекстери, ошондой эле “Сот аткаруу өндүрүшү жана сот аткаруучулардын статусу жөнүндөгү” мыйзам бар.

Бул мыйзамга ылайык мындан ары 24 сааттан ашык убакыт жол торогондук үчүн жеке адамдарга 3000 (үч миң), юридикалык жактарга 50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндө айып акча салынат. Жол тороого адамдарды тамак-аш жана башка жүктөрдү ташып жеткирүүгө көмөктөшкөндөргө да ушундай жазалар белгиленет.

Эгерде стратегиялык маанидеги жолдор техникалар, атайын тосмолор менен торолсо, административдик айып акча жеке адамдарга 5000 (беш миң) сомду, юридикалык жактарга 70 000 (жетимиш миң) сомду түзөт же беш күнгө чейинки мөөнөткө камакка алынат.

Эгерде олуттуу зыяндар келтирилсе күнөөлүүлөр 30 саатка чейин коомдук иштерге чегерилет же беш күнгө чейин камалат.

Жогоркудай аракеттерди уюштуруп жана жетектегендик үчүн жеке адамдарга 10 000 (он миң) сом, юридикалык жактарга 100 000 (жүз миң) сом айып салынып, мыйзам бузуунун куралы катары колдонулган каражаттары алынат. Болбосо беш күнгө камалат.

Автожолдорду тороо 24 сааттан ашкан учурда бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралган. Жаза колдонуунун түрү келтирилген залака, зыяндардын өлчөмүнө, көлөмүнө жана деңгээлине да жараша болот.

Мыйзамда административдик жоопкерчиликке тартуу процедурасын жана алар боюнча соттун чечимдерин өркүндөтүү да каралган.

Атай Алтымышев