АйбекСара

Операны да, эстраданы да бирге алып келаткан Айбек Саралаев алгачкы чыгармачылык кечесин ушул айдын 28инде Улуттук филармонияда өткөрөт. Жандуу үндүн жарчысын концерттин алдында кепке тарттык.

Ыр ааламы

Талант – табигаттан берилет деген пикирдин мааниси чоң. Мага да жаратылыш тарабынан азыраак талант ыроолонсо керек деп ойлойм. Өнөр дүйнөсүнө аралашып, эмгек кылып элибизге ыр сунуп, кызмат кылуу жолундабыз. Чыгармачылык, анын ичинде ыр бул бир ажайып кооз дүйнө.

Кичи мекен

Киндик кан тамган жерим – Нарындын Жумгал району. Биздин айылдан Мыскал Өмүрканова, Шатман Садыбакасов өңдүү таланттар чыккан. Азыр популярдуулугу артып жаткан көмүр чыккан Каракече, Дыйкан айылында балалыгым өткөн. 1996-жылы Ш. Садыбакасов атындагы орто мектепти аяктап, Бишкек шаарындагы музыкалык окуу жайдан билим алып, андан соң, Улуттук консерваторияда жогорку билимге ээ болгону чыгармачылыкка олуттуу аралашууга бет алгам. Бул жолдо келе жатканыма жыйырма жылдай убакыт болуп калыптыр.

Опера босогосу

Опера ырчысы болуу- бала кездеги кыялдарымдан эле. Бул кесипке аралашуума раматылык агайым, улуту казак устатым Жанат Атаевич себеп болгон. Операга багыттаган ушул адам эле. Чыгармачылыгымдын эң жеткен чеги опера жана балет театры. Биздин театр абдан бай жана өзгөчө дээр элем. Учурда театрда жаш, кесипкөй, таланттуу жаштарыбыз арбын. Бирок, мамлекет тарабынан көңүл бурулбайт. Мисалы, Улуттук филармония менен биздин Опера жана балет театрдын абалын салыштырууга такыр болбойт. Жаштарды четке кетирбестен, өзүбүзгө алып калып, жакшы шарт түзүлсө деген аруу тилегибиз бар.

Сынак

2001-жылы Казакстан мамлекетинде өткөн “Шабыт” эл аралык сынагына классикалык вокал боюнча катышып келгем. Колубуздан келишинче, эл аралык фестивалдарга катышып жатабыз. 2014-жылдын август айында “Урал-Моңо” сынагына барып, жакшы орунга жетишип кайттым. Алдыда дагы көптөгөн жакшы пландарым бар.

Кичи мамлекет

Үйдүн жетинчиси, кенже уулмун. Бир туугандарым ар башка кесиптин ээлери, чыгармачылыкка багыт алганы жалгыз мен. Атам 80 жашында өтүп кеткен. Апам кашыбызда, балдарынын ысык чайын ичип, неберелерин эркелетип жүрөт. Азыр менин колумда. Келинчегимдин аты Наргиза, үч балабыз бар.

“Жумгалым” менин визиттик карточкам

Сөзү, обону өзүмө таандык “Жумгалым” аттуу ырды аткарып жүрөм. Бул ыр ийгилик алып келген чыгармаларымдын алдыңкы сабында турат десем болот. Анткени, аталган чыгармам менен далай жумгалдык жердештеримдин жакшылыгы өтөт.

 Мээрим БАКТЫБЕКОВА