Туманов1

24-февралда Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Токтогул Туманов “Кыргыз Республикасындагы укуктук үстөмдүүлүктү бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоорунун башкы эксперти Сандра Хорина башында турган Европа Кеңешинин эксперттери менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы  билдирди.

Жолугушууда Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин 2012-жылдын 14-майындагы чечими менен түзүлгөн жумушчу тобу иштеп чыккан Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексинин долбоорун алга жылдыруу маселелери талкууланды.

Жолугушууда тараптар бул башка мыйзам актыларына түзөтүүлөрдү киргизүүгө тыгыз  байланышкан жаңы процессуалдык мыйзам экендигин белгилешти. Жумушчу топ зарыл болгон даярдык иштеринин баарын көргөндүгүн белгилеп, мыйзам долбоорун тиешелүү экспертизалардан өткөрүү менен парламенттик угууларга алып чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.