зор

23-февралга караган түнү Кара-Суу районунун Осмон айылынын тургуну аялын сабап өлтүрүп, андан кийин өзү сарайга барып асынып алган. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Ош облустук ИИБнин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

– Үйгө мас болуп келип аялын сабап өлтүрүп алган. Анан өзү сарайга кирип асынып өлгөн. Бул боюнча кылмыш иш ачылды. Бирок кылмышка шектүүнүн өзү да каза тапканына байланыштуу иш кыскартылат, – деди Аширбаев.

Азырынча алынган маалыматтарга караганда күйөөсүнүн таягынан каза тапкан аял 43 жашта болгон. Экөөнүн үч баласы окуя болуп жаткан учурда эч кимден жардам сурабай ыйлап жүрө берген. Эң улуусу 9-класста окуйт.

Каза тапкан жубайлар кечээ күнү жерге берилди.

Ушул айдын башында да Ош шаарынын тургуну кызынын жүрүм-турумуна айыптап 40 жыл бирге жашаган аялын бычактап өлтүргөнүн милиция кабарлаган.

Булак: Азаттык