Кечээ, 20-ноябрда Токиодо (Япония) КРнын транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Иточу Корпорейшн компаниясынын ортосунда 2 млрд 491 млн япон йени (20 млн долларга жакын) суммасына 355 бирдик жол-тейлөө техникаларын жана жабдыктарын жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу КРнын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Кыргызстандын атынан транспорт министринин орун басары У.Уезбаев кол койду.

Алынган жабдыктар Ош, Жалал-Абад жана Талас облусуна берилет. Кыргызстанга техникалардын жана жабдыктардын жеткирилиши 2015-жылдын ичинде жүргүзүлөт.

Келишимге 2014-жылдын 31-июлунда КР өкмөтү менен Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашуунун алкагында кол коюлду.

Ошондой эле, Tanaka Tekko жана KYC таш талкалоочу орнотмолор жана асфалтьбетон заводдорун өндүрүүчү заводдун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрдү.