Вицелик кызмат татыктуу ээсин тапты
Кечээтен тарта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматын аткарууга киришкен Ниязалиева Дамира Абаскановна өлкөбүзгө таанымал инсандардын бири.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы тарабынан мамлекеттик жооптуу кызматка сунушталган 54 жаштагы Дамира Ниязалиеванын талапкерлиги 24-декабрда парламенттеги 120 депутаттын 80 добушу менен колдоого алынды. Ал депутаттык мандатын калтырып, мындан ары Өкмөт курамында жалпы социалдык тармак үчүн жоопкер болот.
Кесиби боюнча провизор, убагында дары-дармек бизнеси менен алектенип, 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн курамында Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектегени эсибизде. 2010-жылы Кыргызстандын Социал-демократтар партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып, акыркы учурга чейин парламентте Социалдык саясат боюнча комитетти жетектеп келген.
– Дамира Абаскановна, буга чейин Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болдуңуз. Убактылуу Өкмөттө Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектедиңиз. Социалдык жана медициналык тармактарды жакшы билесиз. Буга чейинки ишмердүүлүгүңүзгө саресеп салып, кандай иштей алдым деп ойлойсуз? Элдин баасы кандай болду?
– Кудайга шүгүр, Алла Тааланын буйругу менен КСДП партиясына кирдим, депутат болдум. Депутат болоордун алдында аймактарды кыдырдым. Ошондо эл “сени деле жакшы тааныбайт экенбиз, бирок ишенип, добушубузду берип туралы” – деп, 2007-жылы ишеним артышкан. Ушул сөздөрдү эч качан унутпайм. Элим ишеним арткандан кийин болгон күчүмдү жумшап келатам. 8 жыл депутат болуп иштедим, ортодо Саламаттыкты сактоо министри кызматын аркаладым. Ушул аралыкта негизги максатым эл мүдөөсүн аткаруу болду. Бир топ мыйзамдардын демилгечиси болдум, ал мыйзамдар кабыл алынып, бүгүнкү күндө иштеп жатат. Резонанстык чоң-чоң иштерди алып чыктым. Парламенттин 4-чакырылышында оппозицияда болчумун, социалдык-саясат комитетинин мүчөсү катары бир топ маселелерди көтөрүп чыккам. Оппозицияда турганыма карабастан, ошол айтылгандардын көбү ишке ашты. Кийин бийликтин партиясында туруп да Өкмөттүн позициясына туура келбеген көз карашымды ачык-айкын айтып, эл мүдөөсүн аткарып келдим. Мындай позициямды эл туура түшүнүп, ыраазычылык билдиришти. Мен дагы элиме абдан ыраазымын.
– Сиз эми аткаруу бийлигиндесиз, вице-премьер-министр болдуңуз. Алдыңызга кандай максаттарды коюп, кандай талаптарды аткарайын деп турасыз?
– Талаптарды билем, буга чейин өзүбүз талап коюп келгенбиз. Ал талаптарды кантип аткаруунун жолун да көрүп турам. Аткаруу бийлигинде айтылган талаптардын көбү аткарылбай же унуткарылып калууда. Өкмөттүн курамы туруктуу болбой, улам алмашып, мурунку айтылгандар кийин унутулуп калып жатат. Буга чейинки айтылгандардын баарын бир жипке тизип, аткарганга бел байладым. Бул иш да Алла Таала тарабынан берилгендир, канча иштесем дагы эл мүдөөсүндө турам. Депутат болуп турганда кесиптештерим тарабынан айтылган маселелерди да чечүүгө аракет кылам. Ишенимди актоо – чоң жоопкерчилик. Албетте, көйгөй көп, жумуш андан көп. Жумуштун баарын 100% аткарып салам деп айтпайм, бирок, эң керектүү, орчундуу тармактарда максаттуу маселелерди өзүмө жүктөп, аны аткарышым керек деп жатам. Эртең элдин жана депутаттардын алдында отчетко келгенде жооп бергенге даяр болушум керек.
– Кайсы тармактарга өзгөчө басым жасаганы турасыз?
– Саламаттыкты сактоо тармагын алалы. Андагы көйгөйлүү маселелердин бири – чөнтөккө түшүп жаткан акчалар же формалдуу эмес төлөмдөр. Ушуну кантип кассага буруу керектигин ойлонуп жатам. Мисалы, кардиохирургия же хирургия тармагын пилоттук негиз катары алып, чөнтөккө түшкөн акчаларды токтотуп, коррупцияны жое алсак, эл буга ишеним арта баштаса, анда биз медицинанын башка тармагына да мындай тажрыйбаны жайылтабыз. Муну чечмелесем, жарандарыбыз ооруканага жаткан учурда ага бюджеттен, ФОМСтон акча которулат, өзү дагы төлөйт. Ошондо да бул акчалар жетпейт. Эмне себептен? Анткени, “Мамлекеттик кепилдик” программасы иштебейт. Анын болгону 40%дайы гана аткарылат. Оорулуу ооруканага жатканда аны дарылоого канча акча кетээрин так аныктоо зарыл. Анын жарымын мамлекет төлөп, калганын өзү төлөгөндөн сырткары, оорулуу тарап башка бир дагы тыйын сарптабоого тийиш. Ошонун ичинде баары – дарысы, анализи, операциясы болушу шарт. Элге ачык-айкын айтып, оорунун абалы мындай, бюджеттин акчасы менен оорунун бардык чыгымын жаба албайбыз, калганын өзүңөр төлөйсүңөр деп түшүндүрүү зарыл. Бирок, бизде мамлекеттик кепилдик программасы боюнча төлөй албай тургандары да бар, элдин контингенти ар түрдүү да. Союз кезиндегидей “баары медицинада бекер болсо” дейт, бирок капиталисттик өлкөлөрдөй “акчаң болсо дарыланасың, болбосо жок” деген түшүнүк пайда болгон. Ушунун баарын бир нукка салуу керек. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министри жана медицина адистери менен талкууларды өткөрөбүз.
Экинчи чоң маселе – врачтардын жетишсиздиги. Бул боюнча мыйзамдын авторумун. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен билим алган студенттер сөзсүз түрдө ооруканаларда 2 жыл иштеп бериши керек деген мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Бир эле медиктер эмес, мамлекеттин эсебинен окуган мугалимдер дагы өз вазыйпаларын аткарбай келет. Ошондуктан, алар бара турган жерлерде врач, мугалимдер жетишпейт. Дипломду алат да, кетип калат. Жогорку билим берүү системасында реформа жүргүзүп, сапатсыз билим берген, стандарттарга жооп бербеген жогорку окуу жайларды жоюш керек. Сапаттуу билим берген окуу жайларга гана мамлекет акчасын төлөп, заказ берип, студенттерди окутуу зарыл. Мамлекетке кандай адистер керектиги алдын ала пландалышы шарт. Студентти заказ менен кабыл алып, сапаттуу билим берип, окуп бүткөндөн кийин сөзсүз түрдө мамлекет короткон акчаны актоо үчүн жумушка орнотуу зарыл. Эгер ал 2 жыл мамлекет үчүн иштеп бербесе, мамлекет короткон акчаны кайра төлөп бериши керек. Ортодо ооруп же төрөп калгандары болот, алардан сырткары баары бул мыйзамды аткарууга милдеттүү. Мындай багыт менен врачтардын эле эмес, мугалимдердин жетишсиздигин да жое алабыз. Саламаттыкты сактоодогу дагы бир чоң маселе – өлүмдөрдүн 50%ы жүрөк кан тамыр ооруларынан болуп жаткандыгы. Муну жөн эле жоюуга болот. Бүгүнкү күнү биз оорунун өзү менен гана күрөшүп жатабыз, ал абдан кымбат. Оорунун алдын алуу (профилактика) менен көбүрөөк алектенишибиз керек. Алдын алууну жандандыруу менин негизги багыттарымдан. Алдын алсак, адамдарды өлүмдөн, көп оорудан сактап калабыз. Анын жөнөкөй эле мисалдары, чылым жана арак организмге өтө зыяндуу экенин билип, дайыма кыймыл-аракетте болуп, спорт менен көбүрөөк машыгуу зарыл. Анүчүн мамлекеттик программа керек.
– Орусия мындан бир жыл мурун коомдук жайларда чылым чегүүгө каршы мыйзам кабыл алган. Анын аткарылышы 2015-жылдын январь айынан баштап кирет. Биз да ушундай кадамдарга бара алабызбы?
– Мамлекеттик имараттардын ичинде чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам бар. Бирок, алыс барбай эле Жогорку Кеңешти алсак, депутаттар коридордо ачык-айкын тамеки тартып турушат. Мыйзамды аткаруунун механизмдери жок, ошондуктан, Саламаттыкты сактоо министрлиги тамеки чыгарган компаниялар менен бирдикте тамеки кутулардын сыртына чириген тиш, чириген өпкөнүн сүрөтүн чаптап чыгарыш керек. Ал сүрөттөрдү көргөн киши тамекини андан ары тартуу керекпи, жокпу, ойлонот. Биз муну Өкмөткө барсак, каршы тургандарга карабай, сөзсүз киргизебиз. Андан сырткары, кальян чегүүнү токтотуу керек, анда чоң зыян бар. Буга маалыматты кенен таркатуу керек. “Жарнак жөнүндө” мыйзамда, мамлекеттик ММКлар 5%дан кем эмес социалдык роликтерди акысыз берүүсү керек деп жазылган. Азыр ТВларда көрсөтүлүп жаткан коррупция боюнча социалдык роликтер абдан жагат, ден соолукту чыңдоо боюнча да ушундай роликтер кетсе, жакшы болмок. Мындай иштерди Билим берүү жана илим, Саламаттыкты сактоо, Эмгек, миграция жана жаштар министрликтери менен биргеликте иштеп чыгабыз. Элибизге оорунун алдын алууну үйрөтө алсак, эртең оорунун саны азаят.
– Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) жогорку балл менен шаардык балдар өтүп, бюджетте окуп, айылдан келген балдар баллы жетпей, ЖОЖдун бюджеттик бөлүмдөрүнө өтө албай калышууда. Мисалы, Айыл чарба академиясына жер кыртышын, малды жакшы билген айылдык балдар өтсө, натыйжа көбүрөөк болмок. Пландоо жоктугунан чаржайыт иштер көп.
– Мунун баарын карайбыз. Жаштар – биздин келечегибиз. Союз убагында билим алгандын баары азыр пенсияга жакындап калышты. Булардын ордуна Европа деңгээлинде окуган сапаттуу адистер келиши зарыл. Сапаттуу билим алыш үчүн ЖОЖдор негизги стандарттарга туура келиши зарыл. Анүчүн аттестациядан өтүш керек. Аттестациядан өтпөй калган окуу жайлардын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бербей, аларды жабыш керек. Президентибиз дагы “эң биринчиден сапаттуу билим” деп айтпадыбы. Жеке менчик окуу жайлар көп ачылып алып, акча топтогонду эле билбей, сапаттуу билим берүүгө умтулсун. Сапаттуу билим берсе, аларга да мамлекеттик заказдарды беришибиз керек, алар айылдык балдарды ошол аймакта окутууга мүмкүнчүлүгү болсун. Анан жөн эле ачылып алып, балдарды, ата-энени, мамлекетти да алдап, акча жасап жаткан ишкерлерге тыюу салынышы керек. Билим берүү тармагы бизнеске айланды. Ата-энелер ичип жаткан тамагынан биринчи “балам билим алып жатат” деп акчасын билимге жумшоодо. Билим алса го жакшы, билим албай эле диплом алып жатышпайбы. Ошол диплому менен эч жакка орношо албай жүрүшөт. Бул маселе өтө көйгөйлүү. Ушул көйгөйдү кантип жолго салыш схемасын иштеп чыктым.
Сымбат МАКСУТОВА


Комментарий кошуу