Зулпу1

Бул тууралуу 31-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынына катышып, мыйзамдардын аткарылышы боюнча жасаган баяндамасында белгилеп өттү.

Вице-спикер өз сөзүндө 2014-жылдын 1-июлунан тартып жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого, 2014-жылдын 1-сентябрынан тартып электр энергиясына жаңы тарифтер колдонулуп жатканын, бирок, сот бийлиги колдонуудагы тарифтик саясатты бекитүүдө мыйзамда белгиленген жол-жоболордун бузулушунан улам Өкмөттүн токтомун жокко чыгаргандыгы маалым экенин айтып, бул багыттагы Кыргыз Өкмөтүнүн эмки кадамдары жалпы элге гана эмес, Жогорку Кеңешке да бүдөмүк бойдон калып жатканын сынга алды. “Ачык-айкын, элге түшүнүктүү, узак мөөнөттүү тариф саясатын иштеп чыгуу, кабыл алуу жана элге жеткирүү – абдан орчундуу маселе”,- дейт вице-спикер.

Ошону менен катар Т.Зулпукаров “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2013-жылдын 13-майында кабыл алынып, расмий түрдө жарыяланса да, аталган Мыйзамдын 21-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүнүн жоболору аткарылбай жатканына токтолду. Маалыматка ылайык, аталган Мыйзам күчүнө киргенден тартып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө аталган Мыйзамдан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгууга, анын ичинде шаарларды жана айылдык калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн башкы пландарын кайра кароого милдеттү болчу. Бул ченем Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан толугу менен аткарылбай жатат. Болгону “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу Жобо” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы N 169 – токтому менен бекитилген.

“Мына ушуга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер тилкесине муктаж болгон жашоочуларын эске алуу менен шаарларды жана айылдык калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн башкы пландарын кайрадан карай алышпай жатат”,- дейт Т.Зулпукаров.

Мындан сырткары, бюджеттик каражаттардын жетишсиздигинен балдар жана өспүрүмдөр үчүн инсулиндин алты айлык фонду да түзүлбөгөндүгүн, пенсионерлер жана социалдык жактан аялуу катмардагы калк инсулинди өз эсебинен сатып алып жатышкандыгын кошумчалады.

Жогорудагыдай талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кыска убакыттын ичинде аткарбаса бул маселелер күндөн-күнгө ырбай берип, элдин чыңалган социалдык маселесине айланып кетиши мүмкүндүгүн эскерткен Т.Зулпукаров бул маселелер тез арада чечилип, Мыйзамдын так аткарылышы камсыз кылынышы зарылдыгын Өкмөткө багыттады деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы