абдыгулов

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк жетекчилиги соңку күндөрдө доллардын курсу кескин жогорулап, сомдун кунунун ылдыйлашы боюнча түшүндүрмө берди. УБ төрагасы Т.Абдыгулов: “Үч жумадан бери валюта рыногунда бейпилдик өкүм сүрүп турган эле. Шейшемби күндөн тарта улуттук валютага кысым көрсөтүү башталган. Кыргыз сомунун мынчалык алсызданышына объективдүү фактор жок болчу. Бүгүнкү күндө өлкөнүн банк системасында 250 миллиондон ашык АКШ доллары бар экендигин, анын 30 пайыздан ашууну накталай турат. Улуттук банк чалгындоо ишин жүргүзүү максатында накталай 2 миллион АКШ долларын консигнацияга чыгарган. Бул жүргүзүлгөн иш-чара улуттук валютага карата чайкоочулук чабуул жүргүзүлүп жаткандыгын көрсөттү”, – деди.

“Улуттук банк тарабынан “Айыл банк” ААК жана “РСК” банкы аркылуу 57,8 курсу менен сатууга чыгарган 2 миллион АКШ долларын алмаштыруу бюролору үч-төрт сааттын ичинде талап кетишкен. Элестетип көрсөңүздөр, алмаштыруу бюролору 57,8 курсу менен сатып алып, аны 60 курсу менен сатканда ортодон канча пайда табышат. Жеке кызыкчылык элдин кызыкчылыгынан жогору болуп кеткен. Ортодо бүтүндөй коом жабыр тартууда. Бул көрүнүш бизди кооптондурууда” – дейт КРУБ төрагасы. Ошондуктан, структуралык чаралар көрүлүп, жакынкы келечекте алмаштыруу бюролору жоюлушу мүмкүн. Алардын функцияларын коммерциялык банктарга өткөрүп берүү болжолдонууда. Бул тармакты тартипке келтирбесе болбойт. Алмаштыруу бюролору пайданын артынан кууп, улуттук валютанын туруктуулугуна терс таасирин тийгизишине өкмөт, Улуттук банк жол бербеши керектигин белгиледи Т.Абдыгулов. Жакында ал ири коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, улуттук валютаны турукташтыруу планын түзүшкөн. Ал план бүгүнкү күндөн тартып жүзөгө аша баштаган. Муну менен Улуттук банк улуттук валютанын туруктуулугун сактоого жетише тургандыгын айтты.

Ал эми рублдин баасынын кескин төмөндөшү боюнча УБ башчысы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода өнөктөштүгү канчалык тыгыз болгондугуна карабастан, ал жагдай Кыргызстандын алмаштыруу курсуна таасирин тийгизбей тургандыгын билдирди.

Абдимухтар АБИЛОВ