мунай

Декабрдын башталышы менен Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы бир аз түштү. Казакстандан жана көпчүлүк бөлүгүн Россиядан импорттойбуз. КР нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкуловдун сөзүнө караганда, 2014-жылдын 11 айында өлкөбүзгө 1 млн. 81 миң тонна күйүүчү май алынып келинген. Мунун 577 миң тоннасы бензин, 504 миң тоннасы солярка болгон. Жалпысынан Кыргызстанга керектүү күйүүчү май 150-200 миң тоннага ашыкча импорттолгон.

Азыркы учурда мунайдын дүйнөлүк баасы түшүп жаткан кезде, күйүүчү майдын арзандабаганы кызык. Мындай көрүнүш Россияда да бар. Нефтинин дүйнөлүк баасы 35 пайызга төмөндөгөн учурда, 1-декабрга карата Россияда мунай продуктуларынын баасы 10 пайызга көтөрүлгөн. Баалардын өсүп жатканына кабатырлануу менен В.Путин: “Муну кандай түшүнсөк болот”,- деп суроо салды өкмөт мүчөлөрү менен өткөрүлгөн жыйында.

Россиянын отун-энергетикалык башкармалыгынын жетекчиси Дмитрий Махонин мунайдын дүң баасы сентябрга чейин 35 пайызга өскөнүн, ал эми октябрдан баштап 25 пайызга төмөндөгөнүн, бирок, дүң баанын түшкөнүнүн таасири качан болоорун айта албасын билдирген. Кырдаалды Россиянын курамына Крым менен Севастополдун кошулушу жана мунай иштетип чыгаруучу айрым ири ишканалардын бузулушу менен түшүндүргөн.

Декабрдын үчүнчү бөлүгүндө кырдаал анализденип, эгерде Россияда күйүүчү майдын баасы боюнча абал өзгөрбөсө, бул багытта тиешелүү чаралар көрүлөрү айтылууда Россия бийлигинде.

Россияда күйүүчү майга болгон баалар төмөндөсө, таасири бизге да тиерин күтсөк болот.

 Азизбек ЧАМАШЕВ