vidu-investments
Кечээ, парламенттин Бюджет жана каржы боюнча комитетинде Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Энергетикалык секторду өнүктүрүү саясатын колдоого операциялар» программасы боюнча каржылоо жөнүндөгү Макулдашуунун долбоору каралып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиевдин айтымында, Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргызстандын энерготармагын өнүктүрүү багытында 24 млн. АКШ долларын бөлүү каралууда. Анын 10,8 млн. доллары гранттык каражат, ал эми 13 млн. доллары жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 36 жылдык мөөнөткө берилип, анын алгачкы 8 жылы – жеӊилдетилген мөөнөт.
Динар Турдугулова