Токтогул районунда жол кырсыгы катталып, 7 жүргүнчүсү бар унаа дарыяга түшүп кетти
Токтогул районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 265-чакырымында автокырсык катталды. Анын кесепетинен 7 жүргүнчүсү бар унаа Чычкан дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, автокырсыктын кесепетинен эч ким жаракат алган жок.
Тойота-Витс үлгүсүндөгү унааны 1986-жылы туулган И.Нарматов аттуу жаран башкарып баратып, ал Чычкан дарыясына түшүп кеткен. Куткаруучулар барганча 6 адам башка унаага отуруп кетип калышкан. Ал эми окуя болгон жерге келген куткаруучулар айдоочуну жана автоунааны суудан алып чыгышкан. Айдоочунун абалы жакшы, ал эч кандай жаракат алган эмес.
Булак: super.kg


Комментарий кошуу