Тил

Окуу жайдын социалдык саясат  жана  жаштар департаментинин демилгеси менен  уюштурулган  иш-чарага  бардык факультеттердин жана юридикалык колледждин  студенттери  активдүү катышты.  Ар түрдүү тилдерде  жана ар кыл тематикадагы концерттик программалар аткарылып, жаштардын башка улуттардын тилин кадырлоого, дилин, каада-салтын, үрп-адаттын билүүгө үндөгөн майрамдык маанай тартууланды. Айрыкча таланттуу студенттердин  аткаруусундагы  боордош  элдердин  каада-салттарынын сахнада  образдуу театрлаштырылып  көргөзүлүшү, улуттук кийим-кечеси  көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду. Жумалыкка ар бир тайпанын  студенттери жана окутуучулары  жоопкерчилик менен даярданышканы  ар түрдүү маанайдагы  дубал  гезиттеринен да  байкалды. Студенттер өздөрү даярдаган улуттук тамак-аштардын  таржымалы боюнча маалымат берип,  даамы  кандай экенин, кандай  жасалганын баалоого калыстар тобунун алдына коюшту. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана окуу жайдын дипломдору  ыйгарылды.

Ризван ИСМАИЛОВА