арык

Араван  районундагы  Тепе-Коргон  айыл өкмөтүндө жаздын камылгасын кычыраган кышта эле көрүүнү эп көрүштү. Айыл өкмөт  башчысы  Жаныкулов  Хамракул көп жылдар бою айылдык  өкмөттө  жооптуу катчы болуп иштеп жүрүп, айыл өкмөт башчылыгына шайланганына  эки  айдын жүзү болду. Жигердүү  жаш  жетекчи  дыйканчылыкты  да мыкты  өздөштүргөнүн   айгинеледи.  Жумушсуз  жүргөн  25тей жаштарды  чогултуп, эки ай бою аймагындагы  чакан канал,  чоң  арыктарды  чаап, тазалап бүтүрүштү. Жаңы-Абат  айылынын  4 км, Арап- 4 км, Чертик-8,5 км так ушул айылдын 2,5 км.не суу түтүктөрүн  орнотушту, Көсөө- 4   км аралыктагы ички арыктарды  тазалап, суу ага турган жээктерин  да  чаап, оңдошту. Жаздын ар бир сааты  алтынга тете демекчи, Х.Жаныкулов  жазгы жашылча-жемиштерди  талааларга  отургузууну  баштап, ар  бир дыйкандын  кем-карчына  жардамдашууну негизги  милдетим деп эсептейт.

Ризван ИСМАИЛОВА