Ош сейил багы1

Ош шаарында көзгө басаар Токтогул жана Навои сейил багы бар. Тилекке  каршы, эки бактын  жылдан-жылга  аянттары  тарып, жакын арада  бут коерго жер таппай  каларыбыз анык. Анткени, Токтогул  сейил багынын четине  курулган  менчик кафе, ресторан ж.б. эс алуучу жайлардын (“Изюм”, “Бузейнеп”)ээлери  сөрү -секичелерин   сейил багынын  аянтына  ичкери  жылдырып отуруп, бир кыйла  аянттарын  ээлеп алышты. Тымызын “басмачылыкты” шаар бийлиги,  тиешелүү органдар, мунципиалдык  менчик  башкармалыгы көрсө да көрмөксөнгө салып  коюшу менчик ээлеринин батыл аракетинен байкалып турат. Ошол Токтогул багына катарлаш бир мезгилдерде “Мээрим” деп аталып, бийлик  алмашканда “Жаштар багы” деп аты өзгөртүлгөн бактын  ичине кирсеңиз,  ыпыр-сыпыр, чачылып-тозуп  жаткан  таштандылардан баш айланат. Өкүнүчтүүсү, балдар үчүн жасалган айбанаттардын кейипкерлери–бедиздери, жомоктордун сюжетиндеги каармандары бар фонтандар урап-көчүп, таш-талканы  чыгып бүттү. Шаардыктар дейбизби, жаштар отуруп эс ала турган отургучтардын айлана-тегереги ыпыр-сыпыр таштандыга толгон. Отурган жери таштандыга батпай турса да, эки-экиден  жетелешкен, колтукташкан  жаштарды көрүп, жөпжөнөкөй  маданияттуулуктун  этикасын да унутуп калганбызбы деген ой  кетет…

Исмаилова  Ризван, Ош  шаары