Талгат Таджуддин: “Ыйманды сактоо маанилүү”
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Орусия мусулмандарынын Борбордук дин башкармалыгынын Төрагасы, Орусиянын Башкы муфтийи Талгат Таджуддин менен жолугушууда Кыргызстанда кабыл алынган диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы тууралуу айтып берди.
Өз кезегинде өлкөлөр арасында маданий-гуманитардык жана диний багыттагы байланыштарды чыңдоонун зарылдыгына токтолгон Талгат Таджуддин “Азыркы шартта жалпы адамзаттык баалуулуктарды жана ыймандык-этикалык ченемдерди сактап калуу маселеси абадан актуалдуу. Биз жаштарды толеранттуулукка, эмгекчилдикке, мээримдүүлүккө тарбиялашыбыз керек” деген пикирин билдирди.
“Эркин тоодон” маалымат:Талгат Таджуддин 1973-жылы Бухарадагы “Мир-Араб” медресесин, 1978-жылы Каирдеги “Аль-Азхар” ислам университетин аяктаган. 1995-жылдан бери орусиялык мусулмандардын Башкы муфтийи. 1990-жылы ага Шейх-уль-Ислам диний даражасы ыйгарылган.


Комментарий кошуу