башкыр

Өлкө Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Уфа шаарында Башкырстан Республикасынын Президенти Рустэм Хамитов  менен Орусияга болгон иш сапардын алкагында 3-декабрь күнү жолугушту.

Кыргызстан менен Башкырстандын кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү абдан кеңири. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара соодалашуунун көлөмү 224 млн. 182,1 миң долларды түзгөндүгүн белгилеген Жоомарт Оторбаев кызматташууну мындан ары жандандыруунун анык планын түзүүнү сунуштады.

Жолугушууда көп кырдуу маселелер талкууланып, 2015-жылдын март айында Башкырстан Республикасынын маданият күндөрүн Кыргызстанда өткөрүү жөнүндө макулдашылды.

Иш сапар алкагында Жоомарт Оторбаев жергиликтүү ишкерлер, республиканын алдыңкы ЖОЖдорунун ректорлору менен да жолугушуп, айыл чарба тармагындагы алдыңкы технологиялар менен иштеп жаткан “Алексеевский” совхозуна барды.

“Эркин Тоодон” маалымат: Башкырстан Орусиянын курамындагы экономикалык жактан алда канча мыкты өнүккөн  индустриалдык-агрардык республика болуп эсептелет. Мунай иштетүү, бензин жана дизелдик отун өндүрүү боюнча Орусияда биринчи орунда. 200гө жакын мунай кендери жана болжолдуу запасы 300 млрд. метр кубду түзгөн газ кендери бар.