“Газпром” зарыл жардамдарды көрсөтүүгө даяр
2-декабрда Премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Газпром” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын Төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту.
“Газпромдун” жетекчиси орусиялык тарап мурдагы макулдашуулардын баары аткарыларын, ошондой эле эки тарапты кызыктырган башка жаңы долбоорлор боюнча да конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирди.
“Кыргызстандын түштүгүндө газдын жоктугун жана электр энергиясы тартыштыгын эске алып, “Газпром” кышкы от жагуу сезонунда жылуу-жумшак чыгууга зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр”,- деп кошумчалады Алексей Миллер.
Сүйлөшүү учурунда Жоомарт Оторбаев менен Алексей Миллер жаратылыш газдын чектелген баасын аныктоо, өлкөбүздү газификациялоо программасын жүзөгө ашыруу, Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2ни кайра жаңылап жана өркүндөтүү иштерине “Газпромдун” катышуусу, ошондой эле Орусиянын университеттеринде Кыргызстан үчүн адистерди даярдоо маселелерин талкуулашты.


Комментарий кошуу