Түркмөнстан Кыргызстанга 700 млн кВт.саат электр энергиясын берүүгө даяр
Түркмөнстан Кыргызстанга 700 млн кВт.саат электр энергия берүүгө даяр. Бул тууралуу 11-ноябрда КР президенти Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен Ашхабад шаарындагы расмий жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында билдирди.
«Бул ийгиликтүү жана фундаменталдуу сүйлөшүүлөр болду. Биз бир катар маанилүү: жылуулук-энергетикалык, газ, түркмөн электр энергиясын Кыргызстанга камсыздоо маселелерин талкууладык. Азыр Кыргызстанда жакшы эмес абал экендиги жашыруун эмес. Түркмөнстан 700 млн кВт.саат электр энергия берүүгө даяр. Ал эми келечекте – 1 млрд кВт.саат жана андан да көп электр энергия берүүгө даяр»,- деди А.Атамбаев.
Кыргызстандын президенти транзит маселесин чечүү керектигин белгиледи. «Эртеби, кепчи ал дагы чечилет», – деди ал.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов өз кезегинде, соода-экономикалык чөйрөдө Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы товар айлантуунун көлөмүн көбөйтүү керектигин белгиледи.
Булак : Баракелде

Комментарий кошуу