Төө буурчак көйгөйү чечилгени калды
18-ноябрда КР айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Түркиядан келген делегацияны кабыл алды. Алар төө буурчакты экспорттоо иштери боюнча пикир алышты.
Сүйлөшүү учурунда министр Т.Айдаралиев төө буурчакты Түркияга такай экспорттоп туруу үчүн мамлекеттик деңгээлдеги меморандум кабыл алынышы жана бул багытта эки өлкө расмий түрдө иш алып барышы керектигин белгиледи. Министр түркиялык делегацияга төө буурчак боюнча эки жолду сунуштады. Анын биринчиси бартердик негизде, тактап айтканда, төө буурчак берип, ордуна айыл чарбасына керектүү техникаларды алуу. Ал эми экинчиси, төө буурчак боюнча кыргыз-түрк ишканасын ачуу. Мындан сырткары, Т.Айдаралиев төө буурчакты Түркиянын атайын буюртмасы менен өстүрүү жолун дагы караштырып көрүүнү сунуштады. Себеби, мындай жол төө буурчакты сатып-өткөрүүдө кыргызстандыктар үчүн жеңил жана ыңгайлуу болмок. Түркиялык тарап бул маалыматтар Түркиянын Айыл чарба министрине жеткирилээрин жана айтылган сунуштар дыкат каралып чыгаарын айтышты. Жолугушуу учурунда таластык дыйкандардын өндүргөн төө буурчагынын түрлөрү көргөзүлүп, келгендер алардын айрымдарын үлгү катары алып кетүүнү чечишти.
Аягында Түркиядан келген делегация айтылган маселелер боюнча Т.Айдаралиевди Түркияга чакырды. Министр сүйлөшүүлөр оң натыйжасын берсе, ал жакка качан болсо да барууга даяр экендигин билдирди.
Бактыгүл КУЛАТАЕВА


Комментарий кошуу