имарат

Азыркы учурдагы эң талылуу маселелердин бири – жаңыдан үй-бүлө куруп жаткан жаштарды турак жай менен камсыз кылуу болуп саналат. Фактыга таянсак, жылына 100 миңге жакын жаштар 18ге чыгат экен. Маселенин олуттуулугу ушундан эле көрүнүп турат.

Союз учурунда мындай нерселер дээрлик чечилген эле. Маселен, Бишкекте катар-катар 107-сериядагы үйлөр курулуп жаткан мезгилде Кыргызстан эгемендүү мамлекет болду. Ушуну менен жарандарга бекер турак жай куруу тык токтоду. Бул көрүнүш өлкөбүздүн бардык шаарларына тишелүү эле. Ошентип, өлкө жарандары үчүн турак жай куруу иштери ондогон жылдар бою токтоп калды. Эми ортодогу мезгилдер жөнүндө узун сабак сөз кылбай эле коёлу. Анткени, булар жөнүндө далай жазылып, далай айтылды. Азыркы реалдуулуктан карасак, ири ишкерлер менен бизнесмендер көп кабаттуу элиталык үйлөрдү зыңгырата куруп жатышат. Анткен менен мындай үйлөрдү алууга карапайым элдин акчасы жетишпейт. Ушул жерден ипотека ыкмасын пайдаланып, арзан баадагы үйлөрдү куруу маселеси актуалдуу болуп чыга келет.

Мамлекетте милдеттүүлүк бар

Негизи, турак жай маселесинде мамлекеттин милдеттүүлүгү да бар. Айталы, Баш мыйзамыбыздын 46-беренесинде “Мамлекет өзүнүн жарандарын турак жай менен камсыздап, алардын татыктуу жашоосуна шарт түзүүгө милдеттүү” деп жазылган. Ушундай болгондон кийин эч болбоду дегенде айлык менен олтурган жаш үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылууну мамлекет өз колуна алууга тийиш эле. Ага деле жообубуз даяр: экономикабыздын чамасы чектелүү, казынабызда ашыкча акча жок. Андай болсо алтернативалуу жолдорду издешибиз керек. Албетте, ошондой көп жолдордун бири ипотека болуп саналат. Ипотека демекчи, орус туугандардын “Росинбанкы” былтыр Бишкекке келгенде ипотека менен иш жүргүзөөрү айтылган. Азыр өлкөбүз Бажы союзуна кирердин алдында турат. Мүмкүн келе жаткан жылдан баштап ипотека менен үй куруу ыкмасы жанданып кетээр.

Дем берген демилге

Ушул багытта бир топ сунуштар айтылып келет. Маселен, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бажы союзуна киргенден кийин Кыргызстандын өнүгүү фондуна бериле турган 100 миллион долларды ипотекалык курулуштарга берели деген демилгени көтөрдү. Бул сунушту сөзсүз колдошубуз керек. ”Демек, ошол каражатты натыйжалуу пайдалануу үчүн атайын мамлекеттик Ипотекалык фонд (ИФ) түзүшүбүз керек. Анткени мамлекеттик ИФ түзгөндөн кийин ал сөзсүз Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө болот. Экинчиден, өкмөт түз көз салып турат. Бул Ипотекалык фонд мамлекеттик туруктуу орган катары ишин алып барууга тийиш. Азыр Президенттин чечкиндүүлүгү менен парламент колдоп, Кыргызстанда стратегиялык жолдорго ири суммадагы инвестициялар тартылып, жалпы аймактык инфраструктураларды жакшыртуу саясаты башталды”, – деди Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков. Андан аркы сөзүндө депутат ИФке мамлекеттин кепилдиги менен ири көлөмдөгү инвестицияларды тартып келсек, анда турак жай маселеси оңой чечилээрин айтат.

Өзгөчө сунуш

Ошону менен бирге эле өзүнүн төмөнкүдөй сунушун да билдирген. ”Маселен, биздин жаратылышыбыз баалуу кендерге бай. Көптөгөн инвесторлор так ушул баалуу кендерге кызыгышат. Мисалы, болжол менен 60 тонна алтындын запасы бар жерибиз болсун. Аны иштетем деген бир чет элдик инвесторго берсек, алар эки-үч жылдап заводун куруп, жолун салып, анан дагы тоолорду казып башташат. Экологияга терс таасирин тийгизип, элди да ызы-чуу кылып, көп убакыттан кийин гана киреше киргизе баштайт. Андан көрө ошол кендин запасын орто эсеп менен 3 млрд. доллар деп бааласак, ошол жерди кайсы бир чет элдик инвестициялык компанияга күрөөгө коюп, 20 жылдык мөөнөткө 2-3 пайыз үстөгү менен 1 млрд. долларды насыя катары эч маселеси жок эле алууга болот.

Ал эми 20 жылдын ичинде ал каражатты эки-үч эселеп айлантып, ипотекалык курулушту жолго коюуга мүмкүндүк бар. Карганбек Самаковдун пикирине таянсак, 1 млрд. долларга 100 көп кабаттуу ипотекалык турак жай кура алат экенбиз. “Ошол 20 жылда 200-300 ушундай турак жай куруп алып, маалы келгенде насыяны кайтарып берип, жерибизди өзүбүзгө алып койсок болот”, – деген оюн айтат К.Самаков.

 Убакыт келип жетти

Албетте, маселе ушуну менен эле бүтүп калбаш керек. Чет өлкөлөрдөн инвесторлорду эле күтүп олтура бербестен өзүбүздүн ички мүмкүнчүлүктөрүбүздү да издешибиз абзел. Турак жай маселесин чечүү үчүн мамлекет ипотекалык курулушка карата атайын акча бөлүү зарылдыгы келип чыгууда. Рынок шартында турак жайга болгон баалар өтө арзандап кетет деп күтүп олтуруунун өзү күлкү келтирерлик нерсе. Маселен, Бишкектин ортосундагы жерлердин 1 сотыхы 50 миңден 100 миң долларга чейин турат. Анан кантип арзандамак эле. Азыр борборубузда курулуп жаткан элиталык үйлөрдүн чарчы метри 700-1000 доллардын тегерегин түзөт. Аты айтып тургандай, андай үйлөрдү колунда бар адамдар гана алышууда. Айлык менен жашап жаткан жаш үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылыш үчүн үйлөрдүн 1 чарчы метрин 200-300 долларга түшүрүү зарыл. Дал ушул жерден мамлекеттик саясаттын сөзсүз керектиги көрүнүп турат. Элестетип көрөлү, социалдык багыттагы үйлөр мол курулуп, эл кубанып турса андан өткөн бакыт барбы. Деги эле өнүккөн мамлекет деген түшүнүк ошол өлкөдө жашаган элдин жашоо шарты менен өлчөнөт эмеспи. Демек, карапайым калкты турак жай менен камсыз кылуу үчүн ипотекалык курулуш системасын ишке ашыруунун кезеги толук келип жетти. Россияны айтпаганда да, коңшу Казакстанды гана алсак, анда бул багыттын тууралыгын турмуш өзү далилдегенин айкын байкоого болот.

 Азизбек ЧАМАШЕВ