жол

12-январда Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановду кабыл алды.

Жолугушууда министр К.Султанов автомобилдик жолдордун жана транспорттук инфраструктуралардын курулушун текшерүү максатында Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын жыйынтыктары тууралуу Мамлекет башчысына маалымат берди. «Көкташ-Аксай-Тамдык-Кишемиш» жана «Аксай-Рават» автожолдорун куруунун, «Ош-Баткен-Исфана» автожолун реабилитациялоонун жүрүшү, ошондой эле Баткен облусунун Лейлек районундагы стратегиялык мааниси бар көпүрөлөрдүн курулуштары, андан  тышкары, «Балыкчы-Казарман-Жалал- Абад» альтернативдик автомобиль жолун куруу толук кандуу жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымдады.

Өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык маанидеги транспорттук долбоорлорду өз мөөнөтүндө ишке ашыруунун маанисин баса белгилеген Мамлекет башчысы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине үстүбүздөгү жылга пландаштырылган жумуштарды аткарууда сапат маселесине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.