Асылбек

Бүгүн Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган парламенттик делегация Япония Парламентинин кеңешчилер Жыйынынын Президенти Масааки Ямадзакинин чакыруусу боюнча Японияга расмий иш сапар менен жөнөп кетти.

Эки күндүк иш сапардын жүрүшүндө Япония Парламентинин эки палатасынын спикерлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жана Япония жетекчилиги менен жолугушуу болоору күтүлүүдө.

Парламенттик делегация ошондой эле Технологиялык өркүндөтүүнү алга жылдыруу жана инновациялык жетишкендиктерге көмөктөшүү боюнча ассоциацияга (TEPIA), “Токионун кичи жана чакан бизнесинин өнөр-жай көргөзмөсү – 2014” айыл чарба өнөр жайынын көргөзмөсүнө катышмакчы.

Мындан тышкары делегация Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Президенти А.Танака менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Токио шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушат.

Динар Турдугулова