Эрдоган2014-жылдын 29-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын Режеп Тайип Эрдоганды Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 91 жылдыгы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы Түркия Республикасы байсалдуу жолдо ишенимдүү кадам шилтеп, өз принциптеринен тайбай, дүйнө өлкөлөрүнүн арасында татыктуу орун ээлей берээрине ишенимин билдирди.

“Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук жана бир туугандык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөө биздин жалпы максатыбыз болуп эсептелет”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Алмазбек Атамбаев Режеп Тайип Эрдоганга ден-соолук жана бакубатчылык, ал эми боордош түрк элине бакыт-таалай жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү