Президент Алмазбек Атамбаев Катар инвестициялык башкармалыгынын аткаруучу директору жана «Катар Холдинг» менен «Катар Дияр» компанияларынын жетекчилери менен жолугушту
2014-жылдын 8-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Катар Мамлекетине расмий сапарынын алкагында Катар инвестициялык башкармалыгынын аткаруучу директору Ахмад Мухаммад Аль Саед жана «Катар Холдинг» менен «Катар Дияр» компанияларынын жетекчилери менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Катардын бизнес- структураларынын ортосундагы айыл чарба, энергетика жана өнөр жай чөйрөлөрүндө, ошондой эле транспорт жана логистика тармактарында долбоорлорду ишке ашыруудагы кызматташуунун перспективалары талкууланды.
Алмазбек Атамбаев жолугушуунун катышуучуларына Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип, өлкө үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ болгон экономиканын конкреттүү перспективалуу багыттарына токтолду.

Комментарий кошуу