1-1

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «мусулмандардын кийими» деген терминди таптакыр кабыл албайт, ар дайым дин аралашпаган жана улуттук кийимдерди колдоп келген, айрыкча балдар жана мектеп окуучулары тууралуу кеп болгондо.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү өлкөнүн Президентинин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев 2015-жылдын 19-февралында Жогорку Кеңеште айрым мектеп окуучуларынын хиджаб кийип жүргөндүгүнө байланыштуу Мамлекет башчысынын позициясын туура эмес түшүндүрүп койгондугун билдирет.

Президент Алмазбек Атамбаев «мусулмандардын кийими» деген терминди таптакыр кабыл албайт, ар дайым дин аралашпаган жана улуттук кийимдерди колдоп келген, айрыкча балдар жана мектеп окуучулары тууралуу кеп болгондо. Бул позиция кыргыз мамлекетинин дин аралашпаган мүнөзү жөнүндө конституциялык жободон улам келип чыгат. Демек, кызмат адамдарынын, тактап айтканда Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысынын ата-энелерден мектеп окуучуларына хиджаб кийип жүрүүнү таңуулабагыла деп талап кылган  аракеттерин толук негиздүү деп эсептейбиз.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчилиги тарабынан өлкөнүн Президентинин сөздөрүн туура эмес чечмелөө боюнча Молдакун Абдылдаевдин жоопкерчилиги каралып жаткандыгын маалымдайбыз.

Кыргыз Республикасынын Президенти 2014-жылдын 3-ноябрында Коргоо кеңешинин жыйынындагы сөзүндө мусулман наамын кийим аркылуу эмес, жасаган иши, таза ниети, үлгүлүү жүрүм-туруму менен далилдеш керек деп баса белгилеген. “Айталык, мусулмандын кийими деп хиджабды, шалбыраган боз дамбалды эсептеп алсак, анда эмне, кыргыздын улуттук кийимин кийгендерди же болбосо күнүмдүк жашоо-тиричиликке ылайыктуу кийингендерди мусулман дебей, каапыр дейбизби?! Деги эле «мусулман кийими», «мусулман эместин кийими» дегендей чектөө жок ыйык Куранда! Исламда жарашыктуу, таза кийинүү талап кылынат”, – деп айткан Алмазбек Атамбаев ошол жыйында.