Кумтөр1

26-февралда Жогорку Кеңештин “Кумтөр” долбооруна байланышкан 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V жана 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу Өкмөттүн маалыматы угулуп жатат. Жыйынга Премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Жогорку Кеңештин токтомдорунун аткарылышы боюнча КР Өкмөт башчысы Ж.Оторбаев баштаган тиешелүү мекеме жетекчилеринин маалыматынан кийин парламенттик фракциялардын жетекчилери “Кумтөр” долбоорунун талаш-тартыш маселелерин чечүү  жолдорун ортого салышты.

“Ата Журт” фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошова “Кумтөр” долбоору боюнча алтындын 70% Кыргызстанга, 30% компанияга түшкөндөй кылып биргелешкен ишкана түзүү зарылдыгын же Кумтөр кенин иштетүүдөн түшкөн дүң кирешени 13%дан 50%га чыгарууну сунуштады. Же болбосо Кыргызстан кендин экология маселеси боюнча компанияны сотко бериши зарыл дейт.

“Республика” фракциясынын лидери Максат Сабиров Жогорку Кеңештин кабыл алган чечимдерин аткаруу боюнча ишин канааттандырарлык эмес деп табуу менен КР Өкмөтүн отставкага кетирүү керектигин билдирди.

Бул маселени чечүүнүн эки жолу бар деген “Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов Жогорку Кеңештин, элдин койгон талаптарын эске алуу менен, биргелешкен ишкана түзүү же болбосо улутташтыруу жолун атады. Ф.Кулов ООНдун резалюциясына шилтеме жасоо менен улутташтырууда дүйнөнүн бир дагы соту каршы боло албастыгын белгиледи.

Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев улутташтыруу же капитуляция жолуна токтолду. Ө.Текебаев улуттук табыгый байлык жөнүндө сөз болуп жаткандыгын баса белгилеп, ООНдун хартияларына таянуу менен ар бир мамлекетте чыккан кен байлыктар ошол мамлекеттин кызыкчылыгына пайдаланылаарын, компенсация маселеси улуттук сот тарабынан аныкталаарын айтты.

Суроо-жооп уланууда дейт Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.