ричард

Өткөн аптада Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы мурдагы элчиси, азыр Өзбекстандагы элчи Памела Спратлен Ташкентте маалымат жыйын өткөрдү. 

Эске салсак, ал бул кызматта Казакстанга элчи болуп кеткен Джорж Кролду алмаштырды.

Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчисинин кызмат орду азырынча бош турат. Элчилик тараткан маалыматка таянсак, жаңы элчи Сенат тарабынан бекитилип, дайындалгыча дипломатиялык миссияны элчи Ричард Майлз убактылуу жетектейт. Ал жакынкы күндөрү милдетин аткарууга киришет.

78 жаштагы Ричард Майлз 1967-жылдан бери дипломатиялык кызматта. Ослодо, Москвада, Белградда жана Санкт-Петербургда консулдук кызматтарда, Германияда, Азербайжанда жана Грузияда элчи болуп иштеген. 2005-жылы пенсияга кетип, бирок 2008-жылы кайрадан чакыртылып, Түркмөнстанга элчилик кызматка жөнөтүлгөн.

2009-жылы экинчи ирет пенсияга кеткен тажрыйбалуу Ричард Майлз эс алууну жыйыштырып, Кыргызстанга келгени турат.

Атай АЛТЫМЫШЕВ