авар

Ош облусунун Алай районундагы Кызыл-Коргон айылында 1-февралында саат 00:53 чамасында Ош-Сарыташ-Эркештам унаа жолунун 91-чакырымында мамлекеттик оор жүкташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай, Кызыл-Коргон дарыясына кулап түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМнин Алай райондук куткаруучулары каза болгон адамдын жансыз денесин, автоунаанын астынан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА