опектин

Өткөн кылымдын 60-жылдары дүйнөлүк рынокко чийки мунай эпсиз өлчөмдө чыгарылып, кудум азыркыдай абал өкүм сүргөнү белгилүү. Ал кезде дүйнөлүк мунай өндүрүүдө “Жети эже-сиңди” аталышкан трансулуттук эң ири “Еxxon”, “Royal Dutch Shell”, “Texaco”, “Chevron”, “Mobil”, “Gulf Oil” жана “British Petroleum” компаниялары үстөмдүк кылышып, жаратылыш байлыгын иштетүү укугу үчүн мунай өндүрүлүп жаткан өлкөлөргө рента жана сатылган мунай эсебинен тиешелүү салыктарды гана төлөп турушкан. Бирок, ошол мезгилде алкылары ачылып, куулуктары ашынган “Жети эже-сиңди” атайылап эле   мунайдын баасын бир тараптуу түшүрүүгө барышкан.

Натыйжада, кирешелери азая түшкөн Иран, Ирак, Кувейт, Сауд Арабиясы жана Венесуэла өлкөлөрү өздөрүндөгү мунай ресурстарын көзөмөлдөө жана улуттук кызыкчылыктарын коргоп калуу, баанын түшүп кетишин токтотуу максатында 1960-жылдын сентябрь айында Багдад шаарында конференцияга чогулуп, мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмун (ОПЕК) түзүшкөн. Кийинчерээк, булардын катарына Катар (1961), Индонезия (1962), Ливия (1962), Бириккен Араб Эмираттары (1967), Алжир (1969) мамлекеттери кошулган.

Учурда мунай баасы анын саясатынан көз каранды болгон өзгөчө таасирдүү уюмга айланган ОПЕКтин 12 мүчөсү бар.  Орусия 1998-жылдан бери уюмдун байкоочу мүчөсү. Уюмдун Президенти Ростам Гасеми, Генералдык катчысы Абдалла Салем аль Бадри. Штаб-квартирасы  Венада (Австрия).

ОПЕКтин максаты уюмга мүчө өлкөлөр арасында мунай өндүрүү боюнча жалпы саясатты жүргүзүү. 1962-жылдын ноябрь айында ОПЕК  Бириккен Улуттар Уюмунун  Секретариатында толук кандуу эл аралык уюм катары катталган. ОПЕКке кирген өлкөлөрдөгү мунайдын тастыкталган запасы 1 199,71 миллиард баррелге барабар жана алар дүйнөлүк мунай запасынын 2/3син көзөмөмөлдөйт. Булардын үлүшүнө дүйнөдө өндүрүлүүчү жана экспорттолуучу мунайдын 40 %ы таандык.

1987-жылдын 1-январынан тарта ОПЕКтин “корзинасы” (OPECReferenceBasketofcrudes) деген расмий термин киргизилген. «Корзинада» мунайдын ArabLight (Сауд Араиясы), BasraLight (Ирак), BonnyLight (Нигерия), EsSider (Ливия), Girassol (Ангола), IranHeavy (Иран), KuwaitExport (Кувейт), Merey (Венесуэла), Murban (ОАЭ), Oriente (Эквадор), QatarMarine (Катар), SaharanBlend (Алжир) сортторунун болжолдуу нарктары аныкталган. Азыр аталган корзинада мунайдын 12 түрү бар.

ОПЕКтин «корзинасындагы» баррелдин эң жогорку тарыхый баасы – 140,73 доллар 2008-жылдын 3-июлунда катталган.

ОПЕК уюмунун бир топ кемчиликтери бар. Маселен, Арабия жарым аралында жайгашкан калкы аз, бирок, мунайга эбегейсиз бай мамлекеттер баягы эле “Жети эже-сиңди” менен ымала түзүп, өз ырыскыларын кошул-ташыл кылып жатышса, канчалык мунайды арбын өндүргөн менен, калкы көп Нигерия сыяктуу өлкөлөр азыркыга чейин жарыбай, жакырчылыктан чыгалбай келе жатат.

Тилекке каршы, ОПЕКтин айрым таасирдүү мүчөлөрүнүн учурдагы ойлонулбаган аракеттери дүйнөлүк глобалдык экономикалык кризиске алып барышы толук мүмкүн жана алардын Америка Кошмо Штаттарынын жетегинен чыга албай жатышканы өкүндүрөт.

Азыр мунай баасы 40 долларга чейин түшөт деген божомолдор айтылууда. Эгер Мексиканы дефолтко алып келген жана Советтер Союзун кыйроого жеткирген 30 жыл мурдагы окуялар кайталанса, санкция үстүнө санция салынып жаткан Орусияга, ошондой эле Иранга, Нигерия менен Венесуэлага абдан эле кыйын болчудай.

Эл аралык энергетикалык агенттиктин эсеби боюнча бюджеттин дефицитсиз болушу үчүн Кувейт, Катар, Бириккен Араб Эмираттарына мунайдын баррели 70 доллардан түшпөй турса жетиштүү. Иран үчүн -$136, Нигерия менен Венесуэлага -$120,  Орусияга- $101 талап кылынат. Орусиянын 2015-жылга бюджети $96 менен эсептелген. Эгер баа дагы төмөндөй берсе, 1998-жылдагы дефолт кайталанышы толук мүмкүн. Азыр ОПЕКтин негизги мүчөлөрү күнүнө 30 млн. баррель мунай өндүрүп жатышат. Өткөн ай соңунда уюм бул көлөмдү төмөндөтпөө тууралуу чечим кабыл алды. Натыйжада, мунай баасы дагы ылдыйлай баштады. ОПЕКтин кийинки жыйыны 2015-жылдын 5-июнунда гана болот…

Дүйнөлүк энергетика боюнча 2014- жылы жарыяланган статистикалык отчетко (StatisticalReviewofWorldEnergy 2014) таянсак,  2013-жылы Сауд Арабиясы күнүнө — 11,525 млн., Орусия — 10,788 млн., АКШ— 10,003 млн. баррель мунай өндүрүшкөн.

2013-жылы Орусия мунай өндүрүү боюнча дүйнөдө биринчиликти өзүнө алды. Албетте, бул атаандаштарга жаккан жок. Сыягы санкциялар жана мунайдын баасын түшүрүү менен Орусияны жазалоонун дагы бир себеби да ушунда.

Атай АЛТЫМЫШЕВ