Баткен окуясы согушпу же куралдуу кагылышуубу?
Өткөн жылдын октябрь айында 1999-жылдагы Баткен куралдуу кагылышуусунун 15-жылдыгына карата өткөрүлгөн салтанатка жана конференцияга чакырылдым. Бул иш – чара, ал окуянын түздөн–түз ар кандай кырдаалда катышкан күбөлөрү жана баскынчыларга карай куралдуу каршы турууга өлкөнүн бардык аймагынан чакыртылган жоокер милдетин аткаруучулардын катышуусунда өткөрүлдү. Уюштуруучулар тарабынан топтолуп даярдалган маалыматтарга таянып, Баткен окуясы куралдуу кагылышуубу же согушпу деген суроого жооп табууга көмөк көрсөтүүнү суранышты. Менин бул докладым ушул маселенин айланасындагы ой-толгоолордун жыйынтыгы менен даярдалды.
-Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен 1999-жылдын 13-октябрында Баткен облус катары түзүлгөнү, анчалык деле кеңири жана салтанаттуу белгиленбеди. Анан калса, Баткен окуясы орун алган ИДУ (исламская движение Узбекстана) тарабынан кол салынган Эл аралык террордук кыймылынын жоокерлери менен болгон куралдуу кагылышуунун да он беш жылдыгы билинбей эле өткөндөй болду. Бул маанилүү окуяны болгону Кыргыз Республикасынын коргоо министринин буйругунун негизинде гана жер-жерлердеги аскер бөлүктөрү гана белгилеп тим болушту.
Баткен областынын аймагы – бул социалдык-экономикалык, маданий мамилелерби жана этникалык же мамлекеттик жактан мамилелер болобу ар кандай кайчы пикирлерди жаратуучу аймак катары кабылданып келгенин белгилеп коюу абзел. Бир четинен алганда бул аймак өзүнүн бай жана уникалдуу жаратылышы, өздөштүрүлгөн айыл-чарбасы жана ирригациялык системасы жолго коюлган болсо, бир жагынан – суу жетпеген таштуу түздүктөр, адам баласы үчүн кыйынчылык туудурган таштуу тоолор аркылуу өткөөлдүү улама ашуулары менен капчыгай ичиндеги көпчүлүккө бейтааныш ичке таштак жолдору Фергана өрөөнүнүн бир бөлүгү болуп келет. Анан калса аймактагы эки өзбек жана бир тажик анклавдары бул аймактагы чек ара жана башка маселелердеги чыңалууну жаратып турат.
Баткен – эң ыңгайлуу эл аралык наркотрафик. Боевиктердин Баткенди колго алуу максатында Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу өтүүчү наркотрафикти көзөмөлгө алуу болгон.
Бир топ эксперттердин жана окумуштуулардын белгилөөсүндө, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын бири бири менен баш аламандыкта чектешкен жана ушул убакка чейин аныктала элек жер көйгөйлөрү бар аймак. Ушундай маселелердин кучагындагы территорияда 1999-жылы эл аралык террордук топ ИДУ тарабынан кол салуу болгон.
Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардын ичинде өтө оор жана өлкө тагдыры чечиле турган абалдарга тушугуп жатты. Алар, өлкөнүн ички саясатынын негизинде 1990-жылы жана 2010-жылы өткөн эки этникалык кагылышуу жана эки 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы төңкөрүш эле.
Андан сырткары, өлкө үчүн орчундуу болгон Эл аралык террордук уюмдар тарабынан уюштурулган 1999-2000 -жылдардагы Баткен окуясы болду. Өзбекстандын Ислам кыймылы (ИДУ) – диний-саясий көз караштагы партиясынын негизги максаты, ислам дининин чакырыктарынын жардамы менен өз бийлигин орнотуу болгон. Ошондой эле, кээ бир өлкөлөр ИДУ сыяктуу диний экстремисттик топторду колдонуу менен Борбордук Азияда өздөрүнүн геополитикалык саясатын жүргүзүү аракетин көрүп келишүүдө.
Дал ушул ИДУ тарабынан даярдалган боевиктер биздин мамлекеттин аймагына кол салышты. Атайын кызматтардын жана аскер адистеринин маалыматына ылайык, бул боевиктердин тобун башкаруучу Тахир Юлдашев – “Өзбекстандагы Ислам кыймылынын эмири”, “моджахед күчтөрүнүн башчысы” катары белгилүү болгон. Баткен тоолорундагы куралдуу кол салууларды жетектеген көпчүлүккө Жума Намонгони же Зубайр ибн Абдурахман псевдоними менен таанымал Жумобай Ходжиев болгон. Баткенге кол салуу мезгилинде ал өзүн «ИДУнун саясий диванынын трагасы» деп атаган. Ошондой эле, боевиктердин башка да Абдулазиз (Абдували Юлдашев), Али Бедаки, Мулло Абдулло, Шайх Камол, Холид, Торык, Ахмад, Хамза, Махди, Абдумалик, Абдурахман ж.б. у.с. командирлери болгон. Жогоруда аты аталган террордук топторду башкарган командирлердин катышуусунда 1999-жылы биздин мамлекеттин чек арага жакын айылдарды басып алуулар болгон. Алар Өзбекстанда бир нече теракт уюштурууга кирүү коридорун ачып, мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетин көрүшкөн.
Ошого карабастан Кыргызстанга кол салган исламисттер боюнча бир нече көз караштагы пикирлер айтылып келет.
Биринчи пикир. Баткен куралдуу кагылышуусу бул алдын ала бийликти алуу максатында уюштурулган акция. Диний экстремисттер ачык эле Өзбекстандын ислам кыймылын легалдуу оппозиция экенин Ташкент расмий моюнга алышы үчүн “тажик сценарий” Өзбекстанда кайталоо мезгили жетти, деп жарыялашкан.
Тажик оппозициясынын биримдигинин (ОТО-объединение таджикских оппозиций) лидери Абдулло Нури “бул маселени тынчтык жолу менен чечүүгө” ортомчу болууга даяр экенин билдирген. Бул багытта өзбек демократиялык оппозициянын мүчөлөрү тарабынан “өлкөнүн келечеги үчүн жана кан төгүүлөрдү токтотууда өзбек өкмөтү, Ислам кыймылы жана демократиялык оппозиция мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү баштоосу керек” деп белгилешкен. Тажик оппозициясы карамагына алган каратегин зонасында боевиктерди даярдоо борборлору, курал-жарактарды жана башка аскер жабдууларын үзгүлтүксүз камсыздоого өктөөл базалары түзүлгөн.
Экинчи пикир. Исламисттердин куралдуу кол салуусу, көпчүлүк ойлогондой Өзбекстан өлкөсүндө согуш ачуу эмес, террордук дестабилизация, диверсия жана бандиттик аракеттер менен “бийликти тартып алуу стратегиясы”. ИДУнун өкүлдөрү ишендиргиси келген чакырыктарга карабай бул аракет бир эле мамлекет менен чектелмек эмес экенин байкоого болот. Экстремисттер аймактагы өкмөттөргө күч колдонуу айлапмасын орнотуу менен, демократиялык укуктук системага, саясий жана экономикалык либерализацияга кедергисин тийгизмек жана “эффект домино” түрүндө бүткүл Борбордук Азияны “афганизациялоо” башталмак.
Үчүнчү пикир. Эл аралык экстремисттердин стратегиясына караганда үстүбүздөгү жүз жылдыкта бирдиктүү ислам халифатын түзүү. “Исламдын дининин дүйнөлүк бийлиги” сыяктуу радикалдуу идеяларынан башка да “жөнөкөйрөөк” кызыкчылыктары катары Борбордук Азия менен Кавказиянын энергоресурстарын дүйнөлүк рынокко алып чыгуу жана афган наркотиктерин КМШ жана Батыш өлкөлөрүнө легалсыз транспортировкалоо.
Ошондой эле төртүнчү пикир, эл аралык терроризмге коркунучун жамынган Американын колу аркылуу жасалган Кыргызстан, Таджикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн аймактарынын тынчын алуу менен АКШнын Аскер күчтөрүнө өздүк аскер базаларына жол ачуу болгон. Кыргызстандын территориясында Ганси атындагы авиабазанын ачылышы кийин өтмөк пункту катары атын өзгөрткөнү да жөн жерден эмес. Баткен окуясы көпчүлүккө белгилүү жана бир топтору куралдуу кагылуушулардын катышуучулары. Бирок кеп анда эмес, башкада, бир топ жигиттер Баткендеги эл аралык терроризмдин куралдуу бандалык түзүлүштөрү менен болгон кагылышууну кандай терминология менен атоого болот? Баткенде 1999-жылы орун алган каргаша: окуябы же согушпу? –деген суроо салышат да, өздөрү Баткен согушу деп эсептөөнү туура көрүшөт.
Ал эми, жогоруда белгиленген терминдерди кайсыл мезгилде колдонууга болоору жөнүндө адистердин көз карашында карайлы. С.Ожеговдун жана Н.Шведованын редакциясы астында чыккан сөздүктөрдө окуя – бул жеке жана коомдун турмушунда болуп өткөн нерсе, факт же маанилүү көрүнүш. Тарыхий, эл аралык, экономикалык жана маданий сыяктуу окуяларга бөлүп кароого мүмкүн. Ал эми жаңы сөз түзүмдөрү боюнча сөздүктө окуя: 1. Болуп өткөн нерсе; 2. Кубулуш, факт жеке же коомдук турмуштагы; 3. Маанилүү жана керектүү болгон көрүнүш. Өз кезегинде терминологиялык жана сөз түзүмдөрү сөздүктөрү окуя термини боюнча, болгон окуя же өткөн окуя катары белгиленет. Окуя – бул капыстан болуп өткөн күтүүсүздөн орун алган нерсе. Башка сөздүктө окуянын трактовкасы катары жеке жана коомдук турмушта орун алган бараандуу факт же маанилүү кубулуш деп жазылат. Окуя – бул бир кандай убакыттын кесиндисинде орун алып дүйнөнүн абалын өзгөртүүчү катары кабылданган окуяга чейин жана окуядан кийин деп бөлүүгө мүмкүн болгон абал.
Тарыхий жана саясий адабияттарда окуя деп, конкреттүү жер менен убакыт аралыгында коомдук-саясий жана маданий жактан өлкөнүн турмушуна кандайдыр деңгээлде ролу бар факт. Терминологиялардын толук маанисине жетпей туруп эле тарыхий жана саясий фактыларды окуя деп атаган учурлар табылат. Мисалы, кээ бир окумуштуулар жана саясатчылар орун алган этникалык кагылышууларды Ош окуясы (1990ж., 2010-ж.) деп белгилешет. Ушундай эле Баткенде орун алган куралдуу аскер кагылышуулары да окуя деп эсептелинүүдө. Бул ИДУнун куралданган күчтөрү Баткен, Чоң Алай чек араларына кол салуу маселесинде көпчүлүк али да болсо толук маалымат ала элегинде болууда. Демек Баткен, Чоң-Алайда орун алган окуяларга саясий жана тарыхий так баа бериле элек.
Ташкент шаарындагы 1999-жылдын 16-февралында орун алган террордук акциясынын уландысы катары Кыргызстандын Баткен, Чоң Алай райондорундагы 1999-жылдын август-сентябрь айларында ислам экстремисттери тарабынан куралдуу кагылышууну эсептөөгө болот.
Согуш деген термин боюнча талкуу жүргүзөлү. Классикалык аныктамада Согуш бул саясий түзүмдөр, мамлекет, уруулар, саясий топтордун ортосунда куралдуу, аскер күчтөрү аркылуу өз ара кагылышуу. Согуш бул саясаттын башка күч колдонуу ыкмалары менен уланышы. Согуш – бул саясий максаттарга жетүү үчүн уюшулган куралдуу күч колдонуу. Согушта негизги каражат бул аскерлер. Согуш куралдуу тирешүүгө катышып жаткан жактардын аскерлеринин милдеттери (жөнөкөй жарандардын, элдердин тынчтыгын коргоо, колго түшкөн аскерлерге болгон мамилени сактоо, адамгерчиликсиз куралдарды колдонууга тыюу салуу) аркылуу нукка келтирилет.
Согуш – мамлекеттер, улуттук-боштондук күрөшү аркылуу элдер жана мамлекет ичиндеги конфликтке катышкан жактар аркылуу уюшулган куралдуу күрөш. Согушту Адилет, Укуктук жана адилетсиз, негизсиз деп бөлүп кароого болот. Адилетсиз, агрессивдүү согуш эл аралык кылмыштуулук деп эсептелинет.
Согуштун юридикалык абалы тынчтык келишими менен токтотулат. Учурда “согуш” жана “куралдуу кагылышуу” термини синоним катары кабылданат. Реалдуу кагылышуу “эл аралык маанидеги куралдуу кагылышуу” жана “эл аралык эмес куралдуу кагылышуу” деп эки түрдө каралат.
Ал эми, 1999-жылдагы Баткенде так ушул “эл аралык маанидеги куралдуу кагылышуу” болгонунда. Анткени, ИДУнун боевиктери кошуна мамлекеттин аймагынан эгемен өлкө эсептелген Кыргызстандын чек арасына кол салышкан. Баткенде 1999-2000 -жылдары ичинде Өзбекстандын ислам кыймылынын боевиктери менен Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болуп турган. Кыргызстандын территориясы аркылуу ИДУнун боевиктери Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнө кирүү аракеттерин көрүшкөн.
Демек, Баткенде окуя болдубу же согушубу?
Аныктама берүүдөн башта фактыларды келтирели, факты бул өзгөрбөй турган абал болгондуктан өзүңүздөрдүн таразаңарга койсом деген чечимге келдим.
Анда фактылар эмне дейт:
- ИДУнун террордук топторундагы боевиктердин саны: 1999-жылдын 23-июлунда Жылуу-Суунун жогору жагына бастырып келип 20 боевик Коргондо – 10дой, жылуу булак Жылуу-Суунун өзүндө 20, Зардалыда 20 боевик орунтук алган. Алар дагы 200 боевик Өзбекстанга кирүүгө келээрин белгилешкен. Тажикстан тараптан 1999-жылдын август айында дасыккан тажрыйбалуу 200дөй жогорку даярдыктагы куралданган боевиктер Баткен районунун чек арасынан өтүп келишкен. Расмий маалыматтар боюнча 22-августта кечке маал Ходжа-Ачкан айылында 50 боевик, Жылуу-Сууда 4, Коргондо -12, Зардалыда 30дай, Сохто 20, Көлдө 30дай, Канда 25, Пала-Ооздо 60, жалпысынан 300 боевик болгон.
- Антитеррордук топторго көмөктөшкөн күчтөрүнүн саны – Кыргызстандын куралдуу күчтөрү.
- Эл аралык террористтик түзүмдөрдү жок кылууда Кыргыз Өкмөтүнүн, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, улуттук гвардиянын, ӨКМнун, Кыргыз Республикасынын Граждандык коргонуу күчтөрү аркылуу: ИДУнун боевиктерин жок кылуу боюнча ыкчам топко Коргоо министерствосу, УКМ, ИИМдин атайын бөлүмчөлөрү жана ӨКМ менен Граждандык коргонуунун бөлүмчөлөрү көмөктөшкөн. Алгач түзүлгөн ыкчам топторду КРнын Коргоо министри генерал М.У.Субанов жетектесе кийин генерал-лейтанант А.А. Чотпаев жетектеген. Куралдуу кагылышууларга КРнын Коргоо министерствосунун атайын даярдыктагы 17 жоокерден турган “Скорпион” тобу, 10 жоокерден турган “Калкан” тобу, атайын даярдыктагы “Альфа” тобу, милициялардын “ОМОН” отряды, тандалып түзүлгөн батальон, Коргоо министерствосунун атайын даярдыктагы 33 жоокерден турган жыйналма отряды, “Илбирс” бөлүмчөсү, Коргоо министерствосунун байланыш боюнча жана коргоо менен камсыздоо батальондору, С-60 эки батареясы, эки штурмалык ротасы, вертолёт эскадрилья бөлүкчөсү, улуттук гвардиянын ротасы, Ош-зениттик – артиллериялык бригадасынын штрумалык ротасы, жергиликтүү ИИМ кызматкерлери, ГУПОнун атуучу батальону, Афган согушунун ардагерлери, ОШ, Жалал-Абад жана Бишкек ички иштер башкармалыгы, атайын даярдыктагы рота тартылган. Баардыгы болуп Коргоо министерствосу тарабынан эле 4 516 адам катышкан.
Андан сырткары, 4 623 адам запастагы аскер адамы, анын ичинен 480 запастагы офицерлер, 5 старшина жана сержанттар, 726-резервдик роталар өз каалоосу менен түзүлгөн аскер күчтөрү болду. Алар негизинен мурдагы аскерлер – афганецтер же башка жергиликтүү кагылышууларда болгондор, десанттар, чек арачылар, спортчулар менен каскадёрлор болгон.
Мындан сырткары, маалымат каражаттарынын материалдары боюнча жана социалдык изилдөөлөр боюнча өз алдынча коргонуу багытында Баткен районунда 48 ополчендик отряды түзүлүп, анын карамагына 900-1000ге чейин курал колдонууну билген киши катталган. Ополченецтерге эки жүздөн ашуун автоматтар берилген. Жергиликтүү калк жашаган жерди жана стратегиялык маанилүү объекттерди коргоого 97 афганец, 108 мергенчи, 68 спортчу жана да 193 резервисттер катышкан.
- Колдонулган куралдардын саны. Биздин чек арага кол салып келген террорист боевиктерди жок кылууда жалпысынан 762 бирдиктеги атылуучу курал, 200 миңден ашуун курал-жарак, анын ичинен:
– КРнын ӨКМсы – 36 атылуучу курал, 40 граната, 10 миң патрон;
– КРнын УКМКсы – 30 атылуучу курал, 80 граната;
– ИИМ – 306 атылуучу курал, 200 граната, 5 миң патрон;
– Улуттук гвардия – 72 атылуучу курал, 500 граната жана ок-жарактары;
– Райондук акимиаттардан – 15 атылуучу курал жана октору
Куралдуу күчтөрдүн техникаларынын саны: Куралдуу кагылышууга С-60 үлгүсүндөгү зениттик батарея, 2 реактивдүү батареясы, 2 штрумалык рота, 6 согуш вертолёту бир АН-26, 2-Л-39 үлгүсүндөгү учактар. Ошондой эле, 632 ар кандай согуш техникалары колдонулган.
- Жоготуулардын саны: эл аралык экстремисттик боевиктер тарабынан так маалымат жок, бирок салтанаттын катышуучулары тарабынан айтылганга караганда 1999-жылда 12 адам өлтүрүлүп, бир адам колго түшкөн. Ал эми кыргыз аскерлери тарабынан 17 жоокер согуш талаасынан каза тапкан, жалпы жоготуу 32 адам деп табылган. Куралдуу аскерлерди камсыздоого мамлекет тарабынан 400 млн. сом акча каражаты кеткен.
Баткендеги куралдуу кагылышуулардын 1999-жылдагы хроникасын төмөндөгүдөй таризде кароого болот:
1999-жылдын 23-июлунда жогорку Жылуу-Сууда 20 боевик, Коргондо – 10дой, жылуу булак Жылуу-Сууда 20 боевик кирип келишкен.
30-июлда – Баткен районунда жыйырмага жакын куралданган адамдар байкалган.
31-июлда –Баткен районунун ошол кездеги акими А.Маматалиев аркылуу жогоруда белгиленген маалыматтар Бишкекке билдирилген. Кийинки күндөрү боевиктер жергиликтүү калктан азык-түлүктөрдү сатып ала башташкан. Аким, райондук ИИМдин жана УКМКнын башчылары бейтааныш адамдар менен байланышуу аракетин көрүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес.
6-августта – аким А.Маматалиев жана УКМКнын 3 офицери Өзбекстанга өтүүгө жолтоо болбоону талап кылышкан боевиктердин колуна түшүрүлгөн. Бул маалыматтар маалымат каражаттарында чагылдырылган.
7-12-августта – боевиктер кармап кеткен туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, боевиктерди жок кылуу аскердик операциясына даярдык көрүлгөн.
12- август күнү өткөн 6-августта кармалган УКМКнын полковниги Конурбаев боевиктер тарабынан коё берилген жана ал боевиктердин койгон талаптарын республикага билдирген.
13- август күнү кармалган баардык адамдар бошотулган, расмий эмес маалыматтар боюнча, аларды бошотуу үчүн боевиктерге 50 миң доллар жана азык-түлүктөр берилген.
15-август – Су-24 Өзбекстандык аскерий-аба күчтөрү боевиктер жайгашкан жерелерге бомбалоо уюштурган, Ми-24 маркасындагы 20 вертолёт абадан сокку уруп, боевиктерге абдан чоң жоготууларды алып келип, 1100 (булак белгисиз) боевикти жок кылган. Ал эми Өзбекстан 12 жоокерден жана 1 машина жоготууга учураган (булак белгисиз). Бирок бул маалыматтар кайчы пикирлерди жаратып келет.
18-август күнү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө караштуу эки согуш вертолёту Жылуу-Суу тараптан артка кайтып жаткан боевиктерге ракета менен атууларды жүргүзгөндүн негизинде боевиктер бир топ жоготууларга кабылган.
21-августта Коргоо министри М.Субанов ал кездеги премьер-министр А.Муралиевге бардык боевиктер жок кылынганы тууралуу билдирүү жасаган.
22-августта аскердик бөлүктөр Баткенден өз аймактарына кызмат өтөөгө жеткирилет.
24-август күнү Президент А.Акаевдин жарлыгы менен М.Субанов Кыргыз Республикасынын Коргоо министри кызматынан бошотулат.
25-август күнү республиканын аймагына мыйзамсыз кол салган чет элдик банда түзүлүштөрүн куралсыздандыруу жана жок кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясынын башчысы, генерал А.Чотбаевге жүктөлгөн. Бул жолу Памир аркылуу келген 200гө жакын террорчу боевиктер менен күрөшү кайрадан жанданган. Ошондой эле Зардалы жана Жылуу- Суунун айланасында 200дөй боевик орун алып, кан жергесинде 10 боевик жок кылынган.
26-август күнү 200-250гө жакын террордук боевиктер Жылуу-Суу жана Зардалы айылдарын кармап турушкан.
29-августта – КРнын Коргоо министри болуп генерал-майор Э.Топоев дайындалган.
1-сентябрь Россиянын премьер-министри В.Путин Кыргызстандын вице-премьер министри Борис Силаев менен жолугушуу болуп, анда бандалык түзүлүшүндөгү боевиктерди жок кылууга аскердик-техникалык жардам берүү чечимин расмий кабыл алышкан.
3-7-сентябрь күндөрү – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу аскерлер тарабынан Чоң-Алай аймагын боевиктерден тазалоо иштерин аякташат. Боевиктер Тажикстандын Жергетал районун көздөй кетишкен.
8-25-сентябрь күндөрү болгон куралдуу кагылышуу жана авиа менен арт атуулардын негизинде Баткен району боевиктерден толук тазаланган.
Бул бир дагы эл аралык мыйзамдарга баш ийбеген ачык жарыяланбаган согуш, республиканы жетекчиликке алгандар тарабынан тезинен мамлекеттин административдик-территориялык тармактарын жана коопсуздугун бекемдөө багытында чечим кабыл алуусуна түрткү берди.
Кыргыз Республикасынын президенти А.Акаевдин жарлыгы менен 199-жылдын 13-октябрында Ош областына караштуу Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондору караган Баткен областы түзүлдү. Жаңы областты түзүү максаты республиканын түштүк чек араларын бекемдөө менен эл аралык терроризм жана экстремизмдин жайылтылышына жол бербөөнү көздөгөн.
Жогоруда белгиленгендер боюнча, ырааттуу согуш сүрөттөмөдө белгиленген аскердик куралдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саны, согуштук жана башка техникалардын саны накта эле жергиликтүү деңгээлдеги согуш болгонун айгинелейт.
Бирок, азыркы кезде “согуш” термини эмес, “куралдуу конфликт” термини илимий жана саясий чөйрөдө “согуш” терминине синоним катары көп колдонуп жатканын эске алсак, анда Баткенде кадимки эле “эл аралык маанидеги куралдуу конфликт” орун алган.
Баткендеги болгон 1999-жылдагы согушка катышкандарды “Баткен согушунун катышуучулары” же “Өзбекстандын ислам кыймылынын террористтери менен болгон эл аралык куралдуу кагылышуунун катышуучулары” деп атоого болот. Демек бул статус куралдуу кагылышуулардын катышуучусу болгон ардагерлер менен бир деңгээлде мамлекет тарабынан берилүүчү ар кандай социалдык пакеттер жана мамлекеттик социалдык жана материалдык колдоолордон пайдаланууга мүмкүнчүлүк ала алат.
Байболот Абытов, тарых илимдеринин доктору, профессор, Ош мамлекеттик юридикалык институнун проректору
Орусчадан которгон Мейманбү АКЖОЛОВА
Комментарий кошуу