нарын гэс

Акыркы жылдарда Кыргызстандын бардык аймактарын өзүбүздө өндүрүлгөн электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн энергосистемасында алгылыктуу жылыштар болуп жаткандыгын байкоого болот. Кыргызстандагы энергокомпаниялар – Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон ГЭСтери жана Кыргызстандагы эң күчтүү кубаттуулуктагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин электр энергиясынын өндүрүмү 1900 мВтты түзөт.

Ал эми мындан канча жыл мурун эле Нарын дарыясында курулган Үч-Коргон ГЭСи, ошону менен катар бул дарыяга тургузулган Токтогул ГЭСи, Жогорку Нарын ГЭС каскаддары сыяктуу кубаттуу электр станцияларын куруу тиричиликке абдан пайдалуу, экологиялык жактан таза электр энергиясы эл үчүн эң ыңгайлуу болмокчу. “РусГидро” ишканасында үлүштүк ээлик тең болгондуктан, башкы инженер, инженер ПТО, финансы адистери жана башкалар Россиядан чакыруунун негизинде келип иштейт. ГЭСтин курулушун россиялык “РусГидро” компаниясы жүргүзүп, каржылоо Россия тараптан болот.

Нарын дарыясынын жогорку бөлүгүндөгү россиялык адистердин биргелешүүсү менен курулуп жаткан  Жогорку Нарын ГЭСинде болуп, күрдөөлдүү эмгектенип жаткан адистер менен баарлашып кайттык.

Кадыршаев Азамат Карабекович, жогорку билимдүү гидрокуруучу адис. Кыргызстандагы Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Камбар-Ата ГЭСтеринде инженердик кызматтарда иштеген. 2013-жылдын октябрь айынан тарта Жогорку Нарын ГЭС мекемесине чакырылып, аталган ГЭСте эмгектенип жатат.

Капиталдык курулуш жетекчисинин орун басары Азамат Кадыршаев:

-2013-жылдан баштап курулууга негизделген Нарын дарыясынын Жогорку бөлүгүндөгү Ак-Булуң ГЭСи, Нарын ГЭС–1, 2, 3 мезгилдин талабына жараша заманбап технологиядагы жогорку чыңалуудагы трансформатор, электр кыймылдаткыч, өчүргүч, чоң кубаттуулуктагы агрегаттар менен жабдылган. Алардын турбиналарын айландыруу үчүн канча бир метр куб өлчөмүндөгү сууну сарптаган курулуштагы ГЭСти иштетүүдө, жогорудагы адистерден тышкары жергиликтүү элдин өкүлдөрүнөн турган жумушчулар, айдоочулар, ширетүүчүлөр, электрик, кароолдор, медиктер жана башкалар эмгектенет.

Чет элдик жана россиялык адистердей эле алардан кем калышпаган Кыргызстандын гидроэлектр станцияларында, гидроэнергетика тармагындагы тажрыйбалуу адистер, инженерлер татаал энергетика долбоорлорун өз күчтөрү менен ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү.

– Азамат Карабекович, ГЭСте кандай иштер бүткөрүлдү?

– Жогорку-Нарын каскад ГЭСтерин курууда биринчи этапта курулушчуларга убактылуу вахта поселкасын ишке ашыруу болчу. Кийинчерээк инженер-техникалык кызматкерлер, диспетчер, жумушчулар келечекте он беш күн иштеп, он беш күн эс алуу тартибиндеги вахта жолу менен эмгектенишмекчи. Алар үчүн 450 орундуу 2 кабат жатакана, 1700 орундуу ашкана, жатып дарылануучу стационардык орундары бар медпункт, өрт коопсуздугун алдын алуу максатында курулган өрт өчүрүүчү склад, эл керектөөчү азык-түлүк, өнөр жай товарларын сатуу үчүн дүкөн жана административдик заманбап имарат пайдаланууга берилмекчи.

Жогоруда аталган социалдык объектилерде көмүрдү өзү жагып, күлүн өзү чыгарган автоматташтырылган откана бүткөрүлгөн. Учурда бардык имараттар жылуу, таза, жумушчулар үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн.

Мындан тышкары, ичүүчү таза сууну 100 метр тереңдиктен чыгарууга скважиналар орнотулуп, ишке берилип жатат.

– Россиялык “РусГидро” компаниясынан тышкары дагы Нарын ГЭСтеринин курулушуна катышкан ишканалар барбы?

– Жогорку Нарын каскадында 7 жыл ичинде жогорку кубаттуулуктагы төрт гидроэлектрстанция курулат. Нарын-1, 2, 3 ГЭСтерин курууга “Нарынгидроэнергострой” “Кыргызгидроспецстрой” ачык акционердик коомдору жана Санкт-Петербург шаарынан Ленинград долбоорлоо институту ж.б.у.с. он чакты мекемелер катышууда.

Жогорку Нарын ГЭСтеринин бардык участокторундагы жер кыртышын анализдөө, текшерүү жумуштарын Ленинград геологиялык суу долбоорлоо жана “Кыргызгидрострой” ачык акционердик коому жүргүзүүдө. Ал эми бүгүнкү күндө суу жана энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга белсенип киришкен “Кыргызгидроспецстрой” ишканасы алты, жети чакырым узундуктагы суу каналынын курулмасын баштап, анын үч жүз метрдей жери даярдалды. Жакынкы убактарда Нарын дарыясынын оң жак жээгиндеги суу ыргагын бурууга байланышкан жумуштар башталат.

– Азамат Карабекович, алдыда кандай иштер бүткөрүлөт?

– Гидроэлектрстанциялардагы, электр өткөрүүчү линияларды пландоо, бийиктиги 20 м келген суу платинасын даярдоо, суу тазалоочу резервуар жана башка техникалык-экономикалык долбоорлор берилээр замат курулуш иштери эч токтоосуз башталат.

Бүгүнкү күндө 1,5 га аянтта курулуш материалдарын сактоочу склад курулуп жатат. Ошону менен катар бетон аралашмасына керектелүүчү таштарды майдалап, иргөөчү чарбалык база даярдалып жатат, ГЭСтерге керектелүүчү бетон заводу болжол менен май айында ишке берилет. Азыркы маалда суу тазалоочу курулманын тосулмалары бүткөрүлүүдө.

2015-жылдын май айында каналга бурулган суу топтомунда башкы ГЭС курулат. Ал эми октябрь айында график боюнча дарыядан суунун агымын бура турган суу тосмосунун курулушу башталат. Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоодогу пландуу графикке карата 2016-жылы Нарын ГЭСиндеги башкы кеңсе, 2017-жылдын үчүнчү кварталында №1 Нарын ГЭСинин биринчи агрегатынын курулушу аяктап, элдин пайдалануусуна берилет. Кыргыз энергосистемасында дагы бир жетишкендик жаралат.

Нуржамал Беделбаева, ашкана башчысы:

-Кычыраган кыштын күнүндө, ак кардын үстүндө үшүп-тоңуп, үшүгөнүбүзгө карабай суукка чыдап, казан асып, от жагып, ачык асман астында элге тамак бышырып берчүбүз. Эстен кеткис ал күндөр артта калды. Эми жаркыраган жаңы ашканада он беш күндүк вахта тартибинде Бишкектен барып-келип иштеп жүрөм.

Башкы архитектор, долбоорлоочу, Бишкектеги ЖЧК “Металлкурулуш” ишканасынын жетекчиси Сергей Чечулин:

-“РусГидро” суу энергетикасын жакшыртуу максатында Кыргызстандын дарыяларынын энергетикалык потенциалына карата илгери үмүт артып, өлкөдөгү ишкердикти жолго коюп, инвестициялык каржылоону колго алды. Нарындагы энергетикалык комплекстин долбоорун түзүү, болочоктогу Жогорку Нарын ГЭСиндеги имараттардын архитектурасын ишке киргизүү мага буюрду.

Албетте, адегенде иштин башталышы өтө оор болду. Пландагы жатакана, ашкана, административдик корпустардын курулушу четинен бүткөн сайын сүйүндүк. Булар бүткөрүлүүчү курулуштардын үчтөн бири эле. Электр энергиясындагы муктаждыкты канааттандырууга арналган комплекстин жалпы аянты 7,5 га болот. Алдыда дагы төрт ГЭСтин курулушу бар. Пландагы турак үйлөр, спорт зал, спорт аянтчалары, өндүрүштүк ячейкалар жана башкалардын курулушу менен аталган Жогорку Нарын ГЭСинде кызматкерлердин саны эки миңден ашуун болушу күтүлүүдө.

 Шайгүл УРМАТОВА