КРнын экономика министри Темир Сариев президент Алмазбек Атамбаевге КРнын компетенттүү органдарына банктык ячейкалар жөнүндөгү ишти текшерүүнү тапшыруусун суранып кайрылды.

«Сизге кайрылуума, акыркы кезде кайрадан кээ бир ЖМКда Т.Сариев менен А.Бекназаровдун мурдагы президент К.Бакиевге тиешелүү банктык ячейкалардагы акчаларды менчиктештирип алууну талкуулаган телефондук сүйлөшүүлөрүнүн үн жазмасы жөнүндөгү сөздөрдүн айтылышы себеп болуп жатат», – деп белгиленет кайрылууда.

«Мен бул маселе боюнча мунун баары чындыкка коошпой тургандыгы тууралуу билдирме бергем. Өз кезегинде КРнын башкы прокуратурасы, КРнын эсептөө палатасы тарабына текшерүүлөр жүргүзүлгөн жана мен тараптан акчалай каражаттарды менчиктештирип алуу же кандайдыр бир мыйзам бузуулар болбогондугу аныкталган. Бирок буга карабай бул тема боюнча спекуляциялар уланып жатат», – деп жазат министр.

«Мага саясатчы катары, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү катары, азыркы өкмөттүн экономика министри катары 2010-жылы мен тараптан кызмат абалдан кыянаттык менен пайдалангандык тууралуу имиш сөздөрдүн улантылышы өтө жагымсыз. Мен буга биротоло чекит коюу керек деп ойлойм. Ошондуктан мен Сизге КРнын компетенттүү органдары банктык ячейкалар жөнүндөгү ишти текшерүүсүн жана баардыгына объективдүү баа беришин суранып кайрылам», – деп айтылат Т.Сариевдин кайрылуусунда.