Министр А.Шыкмаматов Кыргызстан менен Centerra Gold Inc. кандай маселелер боюнча тил табыша албай жаткандыгын атады

Бүгүн, 16-декабрда КРнын укук министри Алмамбет Шыкмаматов, Бишкектеги маалымат жыйында Кыргызстан менен Centerra Gold Inc. кандай маселелер боюнча тил табыша албай жаткандыгын белгиледи.
Анын айтымында, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок тараптар бирдиктүү пикирге келе элек маселелер бар. Алар негизинен экологиялык зыяндар, техникалардын лизинги жана кылмыш иштерге байланышкан маселелер.
Шыкмаматовдун билдиришинче, техниканын лизинги боюнча — ишкананын 100 млн доллары жана КРнын өкмөтүнүн 100 млн доллары 10 жыл убакыт менен келишим бар. 10 жыл аяктагандан кийин ишкана 1 долларга сатышы керек болчу. Азыр сумма жөнүндө талаштар болуп жатат. Башкача айтканда 200 млн доллар эмес, андан аз.
«Кылмыш иштер боюнча Centerra Gold Inc. ишканасы алардын артынан түшпөөнү каалап жатат. Бирок бизде укук жок, прокуратура органдары өкмөткө баш ийбейт», – деди ал.

Комментарий кошуу