Аталган рубрикабызга бу жолу ЖК депутаты Марат Султанов Бажы биримдиги боюнча анализ жүргүздү. Анын күнгөй-тескейин айтып берди.

– Марат Абдразакович, Кыргызстан Бажы биримдигине азыр кирбесе, кийин кеч болуп калары ЖКда айтылды. Буга кандай дейсиз?
– Кечирээк айрым маселелерде өзүбүздүн ой-пикирибизди айта албай калышыбыз мүмкүн. А азыр кирсек, бирдей укукка, шартка мүмкүнчүлүк алабыз. Бирдиктүү экономикалык аймактын түзүүчүлөрү “бардык маселелерди чоң, кичине өлкө дебей консенсуста чечебиз” дешүүдө. Консенсустук сүйлөшүүлөргө катыша баштаганыбыз оң.
– Кыргызстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүгү терс таасирин тийгизбейби?
– Эч кандай көйгөй болбойт. Орусия, Армения бул уюмдун мүчөсү. Казакстан мүчө болуп кирүү алдында турат. БДСУ аймактык экономикалык уюмдарга кошулууга мүмкүнчүлүк берет. Бажы тарифтери боюнча кошуналарыбыз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, макулдашуубуз керек.
– ББнын башында Орусия турат. 90 %ыз алардын кызыкчылыгында болуп, башкарылып калбайбызбы?
– КМШ, ЖККУ, ЕврАзЭС сыяктуу эл аралык уюмдар бар. Буларда Орусиянын экономикалык үлүшү абдан чоң. Ошого карабай биздин үнүбүздү, пикирибизди угуп келатат. Эгерде чечимдер үлүшкө жараша кабыл алынса, анда Кыргызстан ББга жөн эле статист болуп калмак. Бирок өкмөт бышыктагандай, негизги саясий чечимдер консенсус жолу менен кабыл алынат. Консенсус бар жерде бизге окшогон кичинекей өлкөлөрдүн аброю өсүп, таасири арта баштайт, мында биз утушка гана ээ болобуз. Анткени, добушубуз килейген Орусияныкы менен бирдей болот. Ошондуктан “Орусия гана башкарып, чечимдерди кабыл алып калат” дегенге негиз жок. Ал эми техникалык маселелер атайын иштелип чыккан механизмдер аркылуу чечиле берет.
– ББда өлкөлөр ортосунда бирдиктүү валюта саясаты жүрүшү мүмкүнбү?
– Менимче, бул интеграциянын кийинки этабы. Ооба, Европа биримдигиндеги өлкөлөрдө бирдиктүү акча жүгүртүлөт. Европа валюталык биримдиги болсо бирдиктүү валюта саясатын жүргүзөт. Мындай саясатты сөз кылууга азырынча эрте. Орусия, Казакстан, Кыргызстандын финансылык системасында өзгөчөлүктөр бар. Аларга салыштырмалуу биздин финансылык система кыйла либералдуу. Б.а. акча которууларда чектөөлөр аз. Бизде кичи жана орто бизнес жакшы өнүккөн, чакан ишканалар көп. Аларда ири ишкана, өндүрүш объектилери басымдуулук кылат. Азырынча бирдиктүү экономикалык аймакка киргенибиз туура. Ал эми акча саясатында бүгүнкүдөй өзгөчөлүгүбүз менен кала беришибиз керек.
– ББга киргенден кийин мигранттардын кирип, чыгуу, иштөө тартиптеринде бир топ жеңилдиктер каралары айтылууда. Бул маселе кандай болмокчу?
– ББга кирүүнүн 2-этабына өткөнүбүз туура болду. Себеби, бирдиктүү экономикалык аймакта бир эле товарларды эмес, ошондой эле жумушчу күчтөрдүн миграциясына эч кандай тоскоолдуктар болбойт деген келишимдерге кол коюларын биздин өкмөт билдирди. Эгерде ушундай мүмкүнчүлүктөр ачылып, биздин сыртта иштеп жүргөн жарандарыбызга жеңилдиктер берилсе, Орусия, Казакстанда иштеп жаткан мекендештерибиз коркпой, үркпөй эле өз жарандыктары менен иштей беришет. Учурда ошол өлкөнүн жарандыгын алуу тенденциясы күчөп кеткен эле. Көп тоскоолдуктар бар болчу. Өз иштерин, абалдарын жеңилдетүү үчүн башка өлкөнүн жарандыктарын алууга аргасыз болуп жатышкан. Эми андай аргасыздык болбой калат.
– Келечекте кооптуу жагы жокпу? ББга кирүү менен эртеңки муун алдында уят болуп калбайбызбы?
– Кирбей, артта калып уят болуп калбайбызбы? Биз көп учурда маселеге азыркы кырдаал менен карабайбыз. Эмне үчүн Орусия күйүүчү майларга экспорттук пошлина киргизген эмес? Эмнеге бизге грант, кредиттерди берип жатат? Эмнеге газдын баасын арзандатабыз деп жатат? Себеби, билесиздер, 2011-жылы ББга байланыштуу Кыргызстан так жообун бербегенде, Орусия “мейли, силер өзүңөр жашай бергиле, капа болбосоңор, биз силер менен соода сатыкты кадимкидей жүргүзө берели” деп бир эле күйүүчү майга экспорттук пошлинасын киргизген. Ошондо өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кирүү ниетибиз бардыгын билдирип, пошлинаны алдыртууга жетишкен. Биз жылына 300 млн. доллар төлөшүбүз керек болчу. Эгерде кирбей койсок, пошлина кайра киргизилет. Аны биз төлөп турганга даярбызбы? Айрымдар биримдикке каршы болуп жатат. Бул туура эмес. Анткени, экономикалык кырдаал андан бетер оорлойт. Ошол үчүн биз киришибиз керек!
– “Мамлекеттин көз карандысыздыгы бийик туруусу керекпи, же экономикалыкпы?” деген суроону коюп келет айрым эксперттер. Сиздин оюңуз кандай?
– Кичине ойлонуп айтышса жакшы болот эле. Мына, Украинаны алалы. Бул өлкөнүн оппозициялык көз караштагы саясатчылары “Украинанын эркиндиги 1-орунда турушу керек!” деген лозунгдарды көтөрүп, өлкөнү эмнеге алып келгенине күбө болуудабыз. Аймагынын бир бөлүгүн, Крымды, Донецкти, Луганскты жоготуп койду. 4 миңге жакын эли курман болду. Бул согуш окуясы бизге сабак болушу керек. Экономика өнүкпөсө, көз карандысыз мамлекет болуу кыйындыкка турат. Эгер экономиканы арткы планга жылдырып, жалаң саясат менен алектене берсек, анда эгемендүүлүктү жоготуп алабыз. Ушуну элибиз түшүнүшү керек.
– Украина-Орусия маселесинен улам Орусия санкцияларга кабылган өлкөгө айланды. Бул өңүттөн алганда, Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстандын эртеңи кандай болот?
– Бул биримдикте Казакстан менен Белорусия бар. Аларга каршы эч кандай санкция жок. Себеби, Украинадагы окуяларга алар тиешелүү эмес. Украинадагы согуштук окуяларга Бажы биримдигинин да эч кандай тиешеси жок. Эгерде Орусияда санкциялардын кесепетинен кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо, бул тескерисинче Кыргызстанга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет. Биз Орусияга батыштан келген товарлардын ордун ээлегенге мүмкүнчүлүк алабыз. Ал жакта иштеген адистердин ордуларын биздин мекендештер алмаштырышы ыктымал. Орусиядан батыш өлкөлөрүнө чыккан инвестиция, инвесторлор Кыргызстанга келүүсү күтүлөт. Албетте, биз Украинага жамандык каалабайбыз, тынччылык, стабилдүүлүк гана болсун дейбиз.
– Демек, сиз ББга кирүүдөгү кадамды туура деп эсептейт экенсиз да?
– Жалпысынан туура деп эсептейм. Бир гана нерсени унутпашыбыз абзел.Биз биримдикке кирип жатканда, сөзсүз чыгышы жөнүндөгү маселени да эстен чыгарбоого тийишпиз. Ошол үчүн механизмдерди калтырып коюшубуз зарыл. Эмне үчүн? Азыркы мезгилде Путин, Назарбаевдин бизге көз караштары түз, бирге, бирдикте бололу деген аракеттерди кылып, колдорун сунуп жатышат. Ошол эле мезгилде Орусияда Жириновский деген саясатчы бар. Анын көз караштарын мен эч качан колдой албайм. Дайыма улутчулдук көз карашты карманат. Анын позиция, көзкараштарын, идеяларын иш жүзүнө ашылышына шанс абдан төмөн. Ошондуктан кокустан Жириновский таңуулагандай кырдаал пайда болуп кетсе, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогонго механизмдердин болушу кажет.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Булак: Асаба