мирлан
-Мирлан мырза, жакында эле сиз баштаган топ памирлик кыргыздардын жашоосу менен таанышып, гуманитардык жардам жеткирип келдиңиздер. Бул экспедициянын уюштурулушуна эмне себеп болду? 
-Жаңылышпасам, 2012-жылы “Памирлик кыргыздар Кыргызстандан жардам күтөт” деген макала өзүңөрдүн “Де-Факто” гезитине чыккан болчу. Бул маселенин көтөрүлүшүнө ошол макала негизги булак болуп берди десем жаңылышпайм. Былтыр өкмөт тарабынан биринчи экспедиция жасалган эле. Быйыл болсо экинчи экспедиция өкмөт жана бейөкмөт уюмдар тарабынан уюштурулуп, 3 миллионго жакын каражат бөлүнүп, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк, кийим-кече, дары-дармектер жеткирилди. Топтун мүчөлөрү тиешелүү министрликтерден, эл өкүлдөрүнөн, журналисттер жана дарыгерлерден түзүлүп, жалпысынан 22 кишиден турду. Экспедициялык топ экиге бөлүнүп, жарымыбыз Кичи Памирге, мен жетектеген топ Улуу Памирге барып ал жерде жашаган кыргыздардын жашоосу менен таанышып келдик. Улуу Памирде бир күн түнөп, эл менен баарлашып, күнүмдүк жашоосуна күбө болдук. 
-Жалпысынан памирлик кыргыздардын саны канча экен, так маалымат барбы? 
-Элдин саны боюнча так маалымат жок. Бирок, Улуу Памирде 1500, Кичи Памирде 1700 деп айтышты. Тарыхтан карап көрсөк, ал жакка кыргыздар 1575-жылдардан отурукташа баштаган. 1800-жылдары орус аскер жазуучусу “Памирдеги кыргыздар дүйнөдөгү эң чыдамкай, өзгөчө калк” деп маалымат берип кеткен. Ошондой катаал шартта, бийик тоодо жашагандыгына карабай убагында алардын турмуш тиричилиги өнүгүп, элдин саны 20 миңге жеткен деген маалыматтар бар. А бүгүнкү күндө 3 миңдин тегереги. Мунун негизги себеби, аялдар менен жаш балдардын өлүмүнүн көптүгү жана гендин бузулушу. Ошол себептен, биз боордоштордун тукум-курут болуп кетпеши үчүн убагында чара көрүүнү максат кылдык.
-Гендин бузулушу деп калдыңыз, туугандар бири-бирине эле үйлөнө беришет турбайбы… Андан сырткары, өмүр бою үйлөнбөй өткөндөр да бар дешет. Мунун себеби эмнеде экен? 
-Негизги себеп, үйлөнүүнүн кыйындыгы. Мисалы, бир жамбы дегенде он жандык болот экен. Эркектер үйлөнүш үчүн кыздын калыңына жок эле дегенде 10 жамбы бериши керек. Андай нерсе көпчүлүгүнүн колунда жок болгондуктан айла жок өмүр бою үйлөнбөй өткөндөрү бар. Ошол эле мезгилде колунда барлары эки-үч жолу үйлөнгөндөрү да кездешет. Башка элдер менен карым-катнаштын жоктугунан башка жактан кыз албайт же кыз бербейт. Тууган адамдар бири-бирине үйлөнүп отурушуп гендери бузулган. Анын кесепетинен балдардын өлүмү күч.
-Негизинен алар Ооганстандын жарандыгында жүрүшөт да, тиешелүү документтери бар бекен? 
-Туура айтасыз, алар Ооганстандын жарандыгында. Бирок, көпчүлүгүнүн паспорттору жок. Ошондуктан, ал жактагы Кыргызстандын элчиси Авазбек Абдразаков мырзага тапшырма берип, калктын санын, канчасында паспорту бар экенин тактап берүүсүн сурандык. Бизди кубандырганы, памирлик Ажирейим Абдижалил деген мырза Ооганстандын чек арасындакызмат өтөйт экен. Ошол кишинин эки Памирдин өкүлү катары Ооганстан өкмөтүнө маселесин айтканга мүмкүнчүлүгү бар экен. Бизге да көп маалыматтарды айтып берди. Мындан ары ушундай экспедиция боло турган болсо курулуш материалдарына көбүрөөк көңүл буруубузду суранышты.
-Аларды Кыргызстанга көчүрүп келүү маселеси бир жолу көтөрүлгөндөй болду эле, ал жагынан кандай иштер жүргүзүлүп жатат? 
-Бул маселе былтыр көтөрүлгөн болчу, быйыл да көтөрүлүп жатат. Орчундуу маселе. Кыргызстанга келүүнү каалагандар элчиликке кайрылып, тийиштүү документтерди толтурса мүмкүнчүлүк бар. Бирок, алар мал жандуу болгондуктан “биз малыбыз менен кетсек жакшы болмок” деген ойлорун билдирип жатышат. Аларды малы менен алып келүү үчүн ортодо турган Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек. Бул маселе акырындык менен чечилет деп ойлойм. Биз аны карап отура бербестен параллелдүү түрдө келерки окуу жылына 5-10 болобу же 15-20 бала болобу, алып келип интернатка окутуп карым-катнаш кылып турабыз. Алардын мугалим, врач дегенде эки көзү төрт. Ажирейим мырзанын айтымында, мугалимдер менен врачтар келип кезек-кезеги менен иштеп берсе Ооганстан 400 долларга чейин айлык төлөп бергенге даяр экенин да айтты.
-Экспедиция өткөн жылы да болду, быйыл да барып келдиңиздер, ушуну менен салтка айланып калды десек болобу? Дегеним, кийинки жылы да уюштуруу пландары барбы? 
-Бул экспедициянын жүрүшү коомдук каналдан, “Азаттык” үналгысынан жалпыга жарыяланып жатат. Буга мен кыргызмын деген патриоттор кайдыгер карабашы абзел. Ошол эле мезгилде, өкмөт башчысы, президентибиз да көргөн болушу керек. Мындай иш уланып жакшы жыйынтык чыгат деген ишеничтемин. Ооганстан тарап дагы аларга мектеп, оорукана, жол салып бергенге, паспорт менен камсыз кылганга, социалдык жактан карым-катнаш кылууга ниети бар экенин билдирип жатышат. 
Парахат Шукурова, “Де-факто”