Жакында эле, 23-сентябрда саат 19.40. та Бишкектин Панфилов көчөсүнүн N 224-үйүнүн алдында “Аэротур” жана “Адал-туризм” туристтик компанияларынын туристтеринин Түркияга, товарга жөнөтүп жатышкан 1,7 миллион долларын коргоп бараткан инкассаторлорго куралдуу кол салуу болгон. Натыйжада, 47 жаштагы 1 инкассатор-сакчы моюн желкесине атып өлтүрүлүп, 56 жаштагы дагы бир сакчы оор жарадар болуп, 1,7 млн доллар, 6 миң евро каракталып кеткен.

Кол салууда Макаров пистолети да колдонулгандыгынан улам айрым эксперттер бул ишке милиция кызматкерлери аралашкан болуш керек деген божомол айтышкан. Бирок, милиция мындай версияны иликтөөгө алган эмес. Акыркы жылдарда көптөгөн турфирмаларга кол салуулар болуп, турист-челноктордун чет өлкөлөргө товарга жөнөтүп жатышкан ири суммадагы акчалары каракталып, көбү табылбай келатат. Ошондуктан бул иштерге өтө профессионал каракчылар же милиция кызматкерлери катышат деген божомолдор айтылчу.

Биздин укук коргоо органдарындагы булактарыбыз кабарлагандай, өткөн жуманын аягында Улуттук коопсуздук кызматы 23-сентябрдагы адам өлтүрүү жана 1,7 миллион доллар акчаны карактап кетүү фактысы боюнча Бишкек шаардык милициянын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын 2 офицерин камакка алышты.  Алгач УКМК Бишкек шаардык милициянын бул эки офицери менен карактоого катышкан жаранды кармап, ал баардык күнөөсүн алдын-ала мойнуна алып, арыз жазып берген. Анын айтымында ал Бишкек милициясынын штаттан тышкаркы жашыруун кызматкери болгон жана колго түшкөн офицерлер менен тыгыз иштешкен. Карактоого баратышып, эч кимди өлтүрбөйбүз, коркутуп гана карактап кетебиз деп макулдашышкан. Бирок, карактоо учурунда тиги Бишкек шаардык милициянын эки офицери инкассаторлорду дароо эле атып салышкан. Ушундан улам адам канынын забынан корккон “внештатник” УКМКга өзү билдирип арыз жазган.

Азыр колго түшкөн Бишкек милициясынын 2 офицери УКМКнын абагында олтурат. Ички иштер министрлиги өз мундиринин тазалыгын сактоо максатында жогорку бийликтин жардамы менен аларды жоопкерчиликтен куткарып кетүү аракетин көрүп жаткандыгы айтылууда. Бирок, ок жеп, 47 жашында өмүрү кыйылган инкассатордун убалы кимге тиет? Оор жарадар болуп, ооруканада жаткан инкассатордун ден соолугуна ким жооп берет? Көптөн бери каракталып, акчаларын алдырып келаткан челнок-туристтердин көз-жашы кимди ойлонтот?

Баарынан кызыгы, бул карактоо фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча ачылган кылмыш ишин иликтөө Бишкек шаардык милицияга тапшырылган. Каракчылар да Бишкек шаардык милициянын офицерлери болуп чыгууда. Колго түшкөн офицерлер укук коргоо органдарынын жогорку эшелонунда олтурган жетекчилер менен жакшы мамиледе жүргөн экендиги да бул кылмыштын аягына чейин ачылышын татаалдантат.

Булак: KyrgyzToday.kg