Мамлекетти бекемдөө жылындагы орчундуу ийгиликтер
Мамлекеттин экономикасы күчтүү болбосо, өлкөнүн өнүгүүгө багыт алышы кыйын. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында байкалаарлык кандай экономикалык жаңылыктар болду, экономикалык кандай окуялар орун алды, саресеп салалы.
Жакырлыктан арылдык
2014-жылы Дүйнөлүк банк жана чет элдик финансылык уюмдар расмий түрдө Кыргызстанды жакыр өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарды. Буга негиз бар. Маселен, ички дүң продукциясы жан башына бөлө келгенде 1 миң 45 доллардан ашык тийсе, анда мындай өлкөлөр орто деңгээлдеги кирешеси бар өнүгүп бара жаткан мамлекеттердин катарына кирет. Эл аралык эреже ушундай. Буга чейин Кыргызстанда ИДПнын жан башына бөлүнүшү 1000 долларга жетпей келген. Быйылкы жылдын статистикасына таянсак, бул көрсөткүч андан ашып кеткен.
Жакында эл аралык коррупцияга каршы күрөшүүчү Transparency International кыймылы дүйнөнүн 175 өлкөсүндөгү коррупциянын деңгээлин аныктады. Бул тизмеде Кыргызстан 24 балл алып, өткөн жылдагы көрсөткүчтөн (150) 14 тепкич жогору көтөрүлүп, 136-орунду ээледи. Ошентип, коррупция менен күрөшүү аракетинин акыбети кайтууда. Ал эми эл аралык Doing Business рейтинги боюнча Кыргызстан 127-орундан 121-орунга көтөрүлдү. Себеби, Кыргызстанда бизнес менен ишкердик үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Бул көрсөткүч өлкөбүзгө келүүчү инвестициянын агымын күчөтөт.
Энергетикалык жактан эркин өлкөгө айланабыз
Жакында эле жогорку кубаттуулуктагы «Кемин» подстанциясы ишке берилди. Ал «Датка» подстанциясы менен 2015-жылдын август айында туташтырылат. Ошону менен Кыргызстан электр энергиясын түштүктөн түндүккө берүүдөгү Өзбекстан жана Казакстан республикаларына болгон көз карандылыгынан кутулат. Учурда Нарын дайрасынын жогорку жагында чакан ГЭСтерди куруу иштери да башталды. Азыр газ боюнча дагы иштер жүрүп жатат. Мында көгүлтүр отун маселесин чечүүнүн эки жолу бар. Биринчи жолу – бул Кызыл-Кыя шаарынын жанына көмүрдөн синтетикалык газды чыгаруу заводун куруу. Ал боюнча инвестор табылган. Заводду курууга кетчү 200-300 млн. долларын салууга даяр. Ал эми экинчи жолу – Баткенден газдын резервдери табылды. Бул кенден чыккан газ түштүк чөлкөмүн 5-10 жыл камсыз кылганга жетет. Ошондой эле Россиянын «Роснефть» компаниясы түндүктөн түштүккө газ түтүгүн тартуу үчүн долбоор түзүп жатканын да айта кетели. Кыскасы, жакын арада газ боюнча деле көз карандылыктан кутулуп каларыбыз аныкталып калды.
Жол боюнча көз карандылык жок
Автоунаа жолу боюнча Баткен облусунда бир аз проблемалар бар эле, азыр алар да чечилүүдө. Көйгөйлүү жерлерден айланып өтчү жолдор курулду. Аларды асфальттоо иштери жана жаңыларын куруу жумуштары мындан ары дагы улана бермекчи. Коңшу өлкөлөрдөн көз каранды болбош үчүн салынган жолдордун негизгисине Балыкчы – Жалал-Абад жолу кирет. Бул стратегиялык маанидеги жол болуп саналат. Ал жол 2017-жылы бүтөт, келечекте ушул автожолго жанаша түндүк-түштүк темир жолу да курулаары пландаштырылууда. Ошентип, элдин үмүтү четинен аткарылып келе жатат.
Курулушта бурулуш бар
Мындан 10 жылдай мурда өлкөбүздүн шаарларында азыркыдай курулуштар таптакыр болгон эмес. Учурда ар бир шаарда жаңы курулуштар кызуу жүрүп жатканын байкоого болот. Өзгөчө Бишкекте өтө көп турак жайлар курулууда. Адистер бул темп мындан ары дагы күчөй турганын айтышууда. Учурда борборубузда 150дөн ашык көп кабаттуу үйлөр курулууда. Бирок, баасы кымбат. Ипотека менен үйлөр курула баштаса, анда турак жайларга болгон баалардын түшүшү мүмкүн. Кыскасы, курулуш тармагында кескин бурулуш башталды. Атаандаштык болгон жерде сөзсүз арзандоолор болот эмеспи.
Бюджеттин киреше бөлүгү өстү
2015-жылдын бюджети Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан үчүнчү окууда кабыл алынды. Бюджеттин долбооруна ылайык, киреше 117 млрд. сом, ал эми чыгаша бөлүгү 132 миллиард сомду түзөөрү болжолдонууда. Тартыштык 14 млрд. сомдон бир аз ашаары күтүлүүдө. Бул көрсөткүч өлкөнүн Ички дүң продукциясынын 3,2 пайызын түзөт. Эске сала кетсек, КР Финансы министрлиги бюджеттин киреше бөлүгүн башында 102 млрд. сом өлчөмүндө парламентке алып келгендиги белгилүү. Демек, бир топ өсүү болгону көрүнүп турат. Ал эми Экономика министрлиги 2015-жылы өлкөбүздө 6,2-6,5 пайыз экономикалык өсүштү болжолдоодо.
Азизбек ЧАМАШЕВ


Комментарий кошуу