Рубль куну дүрбөлөңгө салды
Рублдин түшкөнү кыргызстандыктарды да, айрыкча Россияда иштеп жаткан эмгек мигранттарын түйшөлдүрүүдө. Мурда 30 миң рублду Кыргызстанга жөнөтсө, бул жактан 45 миң сом болуп чыга келчү. 1 рубль биздин 90 тыйынга барабар болуп калды. 17-декабрда рублдин курсу бирде жогору, бирде ылдыйлап олтуруп, Москва убактысы боюнча кечки саат 7де 1 доллар 61-62, евро 77-78 рублдин айланасында сатылды. Бул көрсөткүч 16-декабрь – “кара шейшембиге” караганда орус валютасынын доллар менен еврого карата туруму чыңдалды дегенди билдирет. Москвадагы кеңешмеде сүйлөп жатып, РФ Премьер-министри Дмитрий Медведев буларга токтолду: “Акча алмашуу бекеттеринен биз соңку күндөрү көргөн цифралар чындыкка дал келбейт. Экономика жана бизнес үчүн ыңгайлуу диапазондон чыгып кеткен. Бул жерде эмоция да өз ролун ойноду”.
Орус акчасынын курсу РФ Каржы министрлиги өз карамагындагы чет элдик валютаны сата тургандан кийин көтөрүлгөн. Ошол күнү кечинде рублдин курсун турукташтыруу боюнча кошумча чараларын Россия Борбордук банкы дагы жарыялады. РФ Борбордук банкынын төрагасы Эльвира Набиуллина рублдин арзандоосун төмөндөгүдөй түшүндүргөн: “Акыркы убакта улуттук валюта маанилүү өлчөмдө арзандаганы байкалды. Анын негизги себеби, кара майдын баасынын төмөндөшү жана биздин компаниялар менен банктардын эл аралык финансы булактарына кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыроосу болду”.
“Рублдин түшкөнү – бул кыйроо эмес”,- дейт Кыргызстандын тейлөө чөйрөсү жана соода ишканалары, базарлары Ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев. Анын түшүндүрмөсүнө караганда, рублдин кунунун түшүшү менен Россиянын өндүрүшүнүн конкуренттик жөндөмдүүлүгү жогорулайт. Акырындык менен ички өндүрүш продуктылары рынокту ээлейт. Россия бийлигинин деле көздөгөнү ушул. Ошентип, көпчүлүк товарларды өздөрү өндүрүп чыгара баштаса, анда рублдин куну өсөт. Кыргызстанда да кыйынчылыктар болот, бирок акырындык менен ички өндүрүшүбүз көтөрүлөрүн адистер айтышууда.“Бул жерде экономикалык кризистен көрө, саясат ойноп жатат”,- дейт С.Пономарев.
Азизбек ЧАМАШЕВ


Leave a Reply