Бишкекте жол кайгуул кызматкери мас абалында айдоочуну кубалап баратып, кырсыкка себепкер болгон.

Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

11-февралда “Тойота” үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу погончондордон качып баратып, Бишкектеги Дэн Сяопин көчөсүндө дөңгөлөгү жарылып, даракка урунуп токтогон.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаевдин айтымында, “Тойота” аласалып кеткенден кийин артынан кууп бараткан жол кайгуул кызматкерлери окуя болгон жерден качып кеткен.

– Окуянын күбөлөрү жол кайгуул милициясынын ​артынан түшүп, алдынан торошкон. Унааны токтоткон учурда анда жол кайгуул күзөт милициясынын эки кызматкери жана бир “маичи” отурган. Алдын ала текшерүүдө “маичи” (ЖКК) мас абалында болгону аныкталган. Окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө. Бул кызматкерлерге тийиштүү чаралар колдонулат. Алар жумуштан да бошотулушу мүмкүн.

Бишкек шаарыБишкек шаары

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев кырсыкка кириптер болгон “Тойота” унаасынын айдоочусу бактыга жараша оор жаракат албаганын, учурда саламаттыгы жакшы экенин кошумчалады.

Эреже боюнча МАИ кызматкерлери айдоочу качып жөнөсө, аны кубалабастан артынан ээрчип, же аңдып кармоого аракеттениши керек.

Бишкек шаарынын тургуну Бактыбек өзүнүн башынан өткөн окуяны айтып берди. Ал бараткан машинени жол кайгуул кызматкерлери жогорку ылдамдыкта кууп жетип токтотушкан экен.

– Эки жыл мурда мен бараткан унаанын айдоочусун Ибраимов менен Иваницина көчөлөрүнүн кесилишинен автоматчан жол кайгуул кызматкерлери тоскон. Айдоочу бир аз сыра ичип алгандыктан коркуп, токтобой кеткен. Качам деп, каршы жол тилкесине чыгып аз жерден калган. Тигилер кууп келип, алдын тосуп, машинени токтотмо жайга алып барышты. Кийин 7 миң сом айып төлөп, унааны чыгарып алдык.

Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Оторов жол кайгуул кызматкерлери айдоочулар эрежени кандай гана бузбасын аны токтотуу үчүн артынан кууп барганга укугу жок экенин айтты:

– Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жол кайгуул кызматкерлери айдоочунун артынан куубашы керек. Жөн гана акмалап, аңдып, унааны токтотууга аракет жасаса болот. Айдоочунун артынан кууп токтотуу жол кыймылынын коопсуздугуна туура келбейт. Андай учурлар катталса, кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, ал кызматкерлерге тийиштүү чаралар колдонулат. 

Жол кыймылында жол кайгуул кызматкерлеринин айдоочуларга карата мыйзамсыз, олдоксон мамилелери, айдоочулар менен күзөт кызматкерлеринин бири-бирине кыр көрсөтүп, кынтык издемей аракеттери кырсыктарга кирептер кылып жатканын адистер айтып келишет.

“Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова жол эрежелеринин 80 пайызга жакынын айдоочулар бузарын, ошол эле учурда кээ бир жол кайгуул кызматкерлери өзүнүн кызматтык милдеттерин да так аткарбай жүрүшкөнүн айтып берди.

– Жол эрежесин көп учурда айдоочулар бузат. Жол кайгуул кызматкерлери да милдеттерин так аткарбай жатканын айтсак болот. Мисалы, өткөндө бир айдоочуну токтотушту. Айдоочу эмне үчүн аны токтотушканын сурап, жол кайгуул кызматкерлеринен документтерин талап кылды. Документин караса, ал аймакта турганга уруксат берилбептир. Ал мөөнөт өткөн жылдын аягында аяктаган экен. Аймакта саат 17:30га чейин иштеши керек болсо, алар 18:30га чейин иштешкен. Айтор, кызматтык милдеттери кагазда башкача жазылып, иш жүзүндө башкача болууда.

Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү кимде ким жол кырсыгына, жол кайгуул же күзөт кызматкерлеринин одоно мыйзам бузууларына күбө болсо, 102 номуру аркылуу кабарлап коюуну өтүнүшөт. Орган кызматкерлери кызматтык иликтөө жүргүзүп, тартип бузган кызматкерине тиешелүү деңгээлде чара колдонуларын убада кылышууда.

Эмилбек Чекиров, Азаттык