Шаардык кеңештин депутаттары «Ала-Тоо» конушундагы жолдун курулушуна ыраазы болушкан жок (фото)
Ортомчу-ишкананын өкүлүнүн айтымында, курулуш 2014-жылдын октябрында башталган жана бул жолдун сапатына таасир берген.
Аймактык муниципалдык башкармалыктын жетекчиси Шамидин Калкамановдун айтымында, бул жерде курулушчулардын күнөөсү жок. Алар болгону көрсөтмөлөрдү аткарышкан жана ал учурда курулуштун башталышы үчүн аба-ырайынын шарттары жакшы болчу.
Бишкек мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Аскат Медетбек уулу, курулуш иштери процедуралык маселелерден улам создуктурулганын билдирди. Тендер сентябрь айынын орто ченинде өткөрүлгөн.
Жыйынтыгында депутаттар, кепилдик каты бар ортомчу-ишкана жолду кайрадан куруп чыгышы тууралуу чечим кабыл алышты. Курулуш 2015-жылдын апрель-май айларында аба-ырайы жакшырган кезде башталат.
Жолдун зунудугу 2 км 400 м. 1 км жакыны оңдолгон. Буйрутма берүүчү шаар мэриясы. Жолду оңдоп-түздөөнүн баасы 70 млн сомго жакын каражатты түзөт.







Комментарий кошуу