Өзбекстанда 29-мартка белгиленген президенттик шайлоону утурлай бозгунда жашаган өзбек активисттери да бул саясий өнөктүккө даярдык көрүүдө. Алар уюштурган Виртуалдык шайлоо комиссиясы да бул аптада президенттикке талапкерлердин тизмесин жарыялады.

Өзбек активисттери уюштурган Виртуалдык шайлоо комиссиясы каттаган талапкерлер.

Өзбек активисттери уюштурган Виртуалдык шайлоо комиссиясы каттаган талапкерлер.

 Чет өлкөлөрдө саясий качкын катары жүргөн өзбек активисттери менен укук коргоочулары уюштурган Виртуалдык шайлоо комиссиясы 29-мартка белгиленген шайлоого катышуучу талапкерлерди каттоону 10-февралда аяктады.

Комиссиянын интернеттеги баракчасында жарыяланган маалыматка караганда, алар каттаган талапкерлердин саны он экиге жетти. Бирок арасында Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы каттаган төрт талапкердин үчөө болгону менен азыркы президент жана талапкер Ислам Каримов жок.

Мунун себебин Виртуалдык шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Улугбек Бакиров “Азаттык” менен маегинде мындайча түшүндүрдү:

– Биз Виртуалдык шайлоо комиссиясынын Ислам Каримовду президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартуу тууралуу токтомун чыгардык. Буга Өзбекстан Республикасынын Конституциясынын 90-беренеси жана башка мыйзамдык актылар негиз болду. Баш мыйзамдын аталган беренесинде бир эле адам Өзбекстандын президентинин кызматын катары менен эки мөөнөттөн көп ээлей албасы ачык жана даана көргөзүлгөн. Өзбекстандын Конституциясынын 90-беренесин негизге алуу менен Виртуалдык шайлоо комиссиясы Каримовдун төртүнчү, антиконституциялык мөөнөткө барышын кескин түрдө четке кагат. Башкы прокуратурага Конституцияны одоно жана системалуу түрдө бузганы үчүн Либерал-демократиялык партияга жана жаран Ислам Каримовго каршы кылмыш ишин ачуусун үчүн кайрылат.

Өзбекстандын президенттиги үчүн виртуалдык шайлоого талапкерлигин өлкөнүн тышындагы жана ичиндеги активисттер коюшту.

Виртуалдык шайлоо комиссиясынын сайты.Виртуалдык шайлоо комиссиясынын сайты.

Алардын арасында АКШдан Өзбекстанда катталбаган “Бирдамлик” элдик-демократиялык партиясынын лидери Баходир Чориев, бир нече жылдан бери түрмөдө олтурган таанымал ишкер Рустам Усмановдун уулу Дилшоджон Усманов, Ташкенттен укук коргоочу Шухрат Рустамов бар.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы 29-марттагы шайлоого талапкер катары Либерал-демократиялык партиядан азыркы президент Ислам Каримовду, Элдик-демократиялык партиясынан Хатамжан Кетмоновду, Социал-демократиялык “Адилет” партиясынан Наримон Умаровду, Демократиялык улуттук кайра жаралуу партиясынан Акмал Саидовду каттаган.

Өзбекстандын БШКсы каттаган талапкерлер.Өзбекстандын БШКсы каттаган талапкерлер.

Бул саясий партиялардын бири да Өзбекстанды 1990-жылдан бери башкарып келаткан Ислам Каримовдун бийлигине оппозиция эмес. Каримовго атаандаш болгусу келген үч саясатчынын талапкерлиги альтернативдүү шайлоо өттү дегенди көргөзүү үчүн гана жасалып жатканын саясат таануучулар белгилешет.

Ал эми Виртуалдык шайлоо комиссиясы өз максаттарынын бири катары чыныгы эмес, виртуалдык шайлоо болсо да ошол чыныгы атаандаштыкты жаратуу аргасын атоодо. Комиссиянын басма сөз өкүлү Улугбек Бакиров:

– Максатабыз – Өзбекстандын жарандарынын баарынын катышуусунда: аттандаштык шартында, таза, эркин жана нукура демократиялуу шайлоону өткөрүү. Президент Каримовдун авторитардык режиминин көзөмөлү астында иштеген Борбордук шайлоо комиссиясынан айырмаланып, Виртуалдык шайлоо комиссиясы биздин жарандарга укуктук жана саясий тоскоолдуктарды жаратпайт. Биздин миссиябыз дүйнөгө, Ташкенттеги бийликке, Өзбекстандын 31 миллион калкына адилет, калыс жана нукура демократиялуу шайлоо өткөрүүгө боло турганын көргөзүү.

Улукбек Бакиров Өзбекстандын президенти үчүн виртуалдык шайлоодо интернет аркылуу добуш берүү 1-мартта башталып, 29-мартка чейин созуларын, бирок ага канча адам катышары боюнча аларда азырынча кандайдыр бир божомол жоктугун кошумчалады.

Надежда Атаева – Францияда жашаган өзбекстандык укук коргоочу. Ал “Азаттык” менен маегинде оппозициячыл активисттер уюштурган Виртуалдык шайлоо комиссиясынын аракеттерин нааразылык билдирүүнүн гана аргасы деп атады:

 Жарандык активдүүлүк көргөзүлүп жатканына кубанычтамын. Бул пассивдүүлүккө караганда кыйла жакшы. Виртуалдык шайлоо комиссиясынын ишмердиги принцибинде бийликтеги режимге протест билдирүүнүн гана аргасы. Анткени ал реалдуу шайлоонун мыйзамда каралган процедураларын сактай албайт. Менимче мунун жарандык оюндун тажрыйбасы десек да болот. Себеби процедуралар жазылбагандыктан аны башкача айта албайсың.

Укук коргоочу Надежда Атаева “Азаттык” менен маегинде, Өзбекстанда шайлоо жыйынтыгы күн мурунтадан белгилүү формалдуу ишке айланганы менен эл аралык байкоочулар 29-марттагы президенттик шайлоого көз саларына ишеним билдирди. Азыр өлкөдө диний жүйөдөн улам соттолгондор түрмөдөн чыгарылып жатышын да алдыдагы шайлоо менен байланыштырды.