Лебединовка айылында «Хонда-Одиссей» автоунаасынын айдоочусу сүзүп кеткен жөө жүргүнчү каза болду
18-ноябрда болжол менен саат 19:50лөр чамасында Лебединовка айылында жөө жүргүнүчү каза тапкан жол кырсыгы болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
«Хонда-Одиссей» автоунаасынын айдоочусу С.К. (Бишкектин тургуну, 1984-жылы туулган) Лебединовка айылында өтмөк жолдон өтүп бара жаткан адамды сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен алган жаракаттардан улам жөө жүргүнчү каза болду. Каза тапкан адам 1972-жылы туулган, Чыгыш айылынын тургуну экендиги такталды.
Аталган факт боюнча соттук-медициналык, трасологиялык, автотехникалык экспертизалар дайындалып, Чүй облусунун Аламүдүн РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан иликтөө иштери башталды.
Булак : Баракелде


Комментарий кошуу